Рыскелди Момбеков: "Бизде мектептен мечиттер, ооруканадан тойканалар, койлордон тойлор көп"

"Учурда бизде эмне көп? Бизде мектептен мечит, ооруканадан тойкана көп, ФАПтан май куюучу жайлар, койлордон тойлор көп", - деп бүгүн, 29-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков нааразычылыгын билдирди.

Ал пайдаланылбай жаткан мамлекеттик мүлктөргө өкмөт көңүл буруп, андан киреше тапса боло турганын айтты.

"Илгери Талас районунун борборун Көк-Ой айылынан Чат-Базар айылына көчүргөн. Бирок токтом ишке ашпай калган. Биринчи болуп оорукана көчүрүлгөн. Бирок анын имаратын көчүргөн жок, аталышын көчүрдү. Жакында шайлоочулар менен жолугууга Көк-Ой айылына бардым. 1983-жылы салынган үч кабат имарат оңдоо жүргүзүлбөй турат. Ал имарат айыл өкмөттүн да, Саламаттыкты сактоо министрлигинин да балансында жок. Бир айылда 300 орундуу оорукана бош турат. А биз оорукана салганга акча таппай жатып, бул жактан тонотуп жатабыз. Жагдай менен таанышканы министр Талантбек Батыралиев барган эмес. Ошондуктан вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова барып таанышып келсе болмок. Азыркы күндө ал оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүн жатакана кылып берип койгон. Бир жагында билимкана, экинчи жагында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу турат. Биринчи кабатынын баарын тоноп кетиптир", - деди Момбеков.

Эл өкүлү Талас облусунда мамлекеттин балансында пайдаланылбай турган имараттар көп экенин айтты.

"Талас облустук филармониясы да бар. Илгери аны Майрам Акаеванын жакындары менчикке алып, 11 миң сомго сатып жиберген. Кийин аны мэрия соттошуп утуп алып, бүгүнкү күндө эч кимдин балансында эмес. Филармониянын имараты 5 миң орундуу. Эгер ага каржылоо болсо, бүт мамлекеттик мекемелерди кошсок 27 имарат бошойт. Аларды ижарага берип, түшкөн каражатка балдар бакчаларын курса болот", - деп кошумчалады Момбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан