Сооронбай Жээнбеков Түркияга иш сапары менен барат

Президент Сооронбай Жээнбеков апрель айында Түркияга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта SUPER.KG порталына президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын айтымында, Жээнбеков Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камиль Фыраттан ишеним грамотасын алып жатып аталган иш сапары боюнча айтты.

"Түркияга расмий сапардын жүрүшүндө мен президент Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушам, күн тартибиндеги кызматташуу маселелерин талкуулайбыз. Элдерибиздин ортосундагы мамилелер мындан дагы бекемдейт деп ишенем", - деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан