"Көптөн бери көрүшө элекпиз, баарыңарды көрүп турганыма кубанычтамын". 4 айдан бери биринчи жолу коомчулук алдына чыккан экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттер менен жолугушууда сөзүн ушинтип баштады.
Бишкекте КСДПнын курултайынан кийин Атамбаев ЖМК өкүлдөрүнө маалымат берүүдө.
Экс-президент азыркы президент менен мамилеси кандай экенин айтты.
"Сооронбай Шарипович менин эски досум, 23 жылдан бери чогуубуз. Мен андан 2 жашка улуумун, агасы катары кандайдыр бир сөздөрдү айтам. Мен айткан сөздөр ага дайым эле жагымдуу болбошу мүмкүн. Сооронбай Шарипович менин сөзүмдү угуп жатканы үчүн ыраазымын, туура жыйынтык чыгарат деп ойлойм. 2016-жылы өзгөртүлгөн Конституция күчүнө киргенден кийин иш жүзүндө президенттик-парламенттик башкаруу системинен парламенттик башкарууга өтүү башталды. Бул ар бир эле президентке чоӊ сыноо, Жээнбековдун тарыхый миссиясы ушул. Жакынкы 2 жылда парламенттик республикага айлануу иши аяктайт, Жээнбеков өлкөнү парламенттик башкарууга өткөрүүнүн акыркы этабын ишке ашырышы керек. Бул абдан оор мезгил, ошондуктан биздин милдет ага жардам берүү. Бирок жардам берүү анын ар бир кадамын жана аракетин мактоо болбой, кимдир бирөө жагымсыз, катуу сөздөрдү айтышы керек деп эсептейм. Менден башка ким айтат? Анткени Акаев менен Бакиев эмне болгонун билем. Жакындардан кимдир бирөө жагымсыз сөздөрдү айтышы керек. Сооронбай Шарипович андай сөздөрдү угуп, кабыл алып жатканы үчүн ыраазымын", - деди Атамбаев.
Экс-президент өлкө башчы Жээнбеков менен 29-марттагы жолугушуусу тууралуу айтты.
"Акыркы жолу биз 4,5 сааттай сүйлөштүк, кимдир бирөө ушуну кылышы керек эле. Анткени иш жүзүндө менин акыркы 10-20 жылым өлкөдө үй-бүлөлүк-кландык башкаруу болбой, чыныгы демократия болушу үчүн кетти. Мен бүт аракетимдин текке кетишин каалабайм, Сооронбай Шарипович муну түшүнөт", - деди экс-президент.
Атамбаев азыркы президентти кошоматчылар курчай баштады деген пикирде.
"Эмитен эле аны жакындары көкөлөтүп жатышат. Соке, мен Акаев менен Бакиевди да көргөм дедим. Анын жанында кошоматчылардын болгону туура эмес. Менимче, Сооронбай Шарипович туура жыйынтык чыгарат", - деди Атамбаев.
Эскерте кетсек, 17-мартта "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин жетекчиси, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев өлкөдө үй-бүлөлүк башкарууга жол ачылбашы үчүн Жогорку Кеӊештин депутаты, президенттин иниси Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керектигин айтып чыккан.
Кийин Асылбек Жээнбеков мандатты эл бергенин, эл гана ала аларын айтып депутаттыктан кетпей турганын ырастаган.
Бүгүн, 31-мартта Бишкекте КСДП партиясынын кезектеги курултайы өттү. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев партия төрагалыгына шайланды. Курултайга журналисттер киргизилген жок.