ЭЛДИК КАБАР: Ак-Өргөө конушуна декабрь айында коюлган жолго жарык берүүчү лампалар күйбөй калды

Ак-Өргөө конушундагы Лущихина көчөсүнө коюлган жолго жарык берүүчү лампалар күйбөй калды. Мындай маалыматты "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кабарлады.

"Өткөн жылдын декабрь айында аталган конуштун Лущихина көчөсүнө жолго жарык берүүчү лампалар коюлган. Бирок алар күйбөй жатат. Жөө жүргүнчүлөрдүн, жаш балдардын өмүрүнө кооптуу болууда. Эгерде кечинде жарык берүүчү лампаларды күйгүзбөсө, анда эмнеге мамлекеттин акчасын коротуп жатышат?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан