"Мегакомдон" 60 миллион сом уурдалганы боюнча жашыруун маалыматты алдык", - деп 9-апрелде SUPER.KG`ге Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Эл өкүлү мындай маалыматты "Мегакомдун" кызматкерлери бергенин билдирип, 10-апрелден тартып териштирүү үчүн УКМКга жана башка тийиштүү органдарга кайрыла турганын айтты.
"Бизге депутат катары уурдалып кеткен 60 миллион сом боюнча жашыруун маалыматты "Мегакомдун" кызматкерлери берди. Биз 10-апрелден тартып Жогорку Кеңештин комитет жыйындарында, жалпы жыйында ушул маселени териштирүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана башка тийиштүү мекемелерге кайрылабыз", - деди Шыкмаматов.