Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина Тогуз-Тородогу окуяны алдын албагандыгы үчүн Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Акылбек Мамасейитовду кызматтан алууну сунуштады.
"Жалал Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Мамасейитовду мыйзамсыз акция тууралуу алдын ала маалымат берген эмес. Биз кечээ өкмөт башчы район акимин кызматтан алганын уктук. Ошондуктан бүгүн Жалал-Абад ОИИБинин башчысын кызматтан алууну сунуштайм. Анткени ал мага жеткен маалыматтар боюнча өзү да окуяны билген эмес. Ал бул окуя боюнча эч кандай жумуштарды аткара алган жок", - деди Карамушкина.
Белгилей кетсек, кечээ аталган райондун Казарман айылында миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылып, курулуп жаткан имаратты өрттөп жиберишкен. Митингдин жүрүшүндө ыргытылган таштан жаракат алып, 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун ооруканага кайрылган. Мындан улам өкмөт башчынын буйругу менен Тогуз-Торо районунун акими кызматтан алынган.