"Бакай Банк" менен "Газпром Кыргызстан" ыңгайлуу кызмат көрсөтүүнү сунуштайт

"Газпром Кыргызстан" ишканасында натыйжалуу тейлөө менеджментин жөнгө салуунун жана тейлөө кеңселеринде "Бирдиктүү терезе" принцибин колдонууга киргизүүнүн аркасында абоненттер газ менен камсыздоо жагында комплекстүү кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу жана бир жерден эле тиешелүү операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн тез арада сунушталышына "Бакай Банк" ААКсынын аманат кассалары да өбөлгө түзүүдө. Анткени алар аркылуу газ түтүгүнө туташуу, керектелинген отун үчүн төлөөлөр, газ жабдууларынын бардык түрүн (от казандарын, плиталарды, эсептөө жабдууларын) орнотуу үчүн төлөөлөр кабыл алынып жатат.

"Кардарларга камкордук көрүү жана тейлөө сапатын өркүндөтүү аркылуу аны алда канча жакшыртуу "Газпром Кыргызстан" үчүн биринчи кезекте көңүл бурулуучу милдет болуп саналгандыктан, биз ушул максатты көздөө менен иш алып барып келебиз. Бакай Банкы менен биргелешип иштөөнүн натыйжасында жаратылыш газын керектөөчүлөрүнүн санын арттырууга жетиштик. Абоненттер мындан ары "Газпром Кыргызстандын" кеңселери сыяктуу эле, аталган банктын жакын жайгашкан бөлүмдөрүнө кайрылып, орун алган маселесин чечип алса болот", – деп билдирди аталган мекеменин Маркетинг бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Азамат Мамыралиев.

Ал эми "Бакай Банк" ААКсынын Кардарларды тейлөө башкармалыгынын жетекчиси Мээрим Жекшенова өлкөнү газ менен камсыз кылган башкы мекеме менен өнөктөштүктө иш алып баруунун алкагында кардарлар үчүн банктын кайсы бөлүмүнөн болбосун газ үчүн төлөө ыңгайын жөнгө салууга жетишкендигин, бул үчүн сунушталган кызмат көрсөтүү үчүн төлөө гана жетиштүү экендигин баса белгиледи.

Сапаттуу тейлөө жана мүмкүн болушунча ыңгайлуулуктарды түзүү кардарлар менен иш алып баруудагы негизги приоритет болуп саналат.

Тейлөө борборлорунун чөйрөсү күн санап кеңейүүдө жана Бишкек шаары боюнча аларды төмөнкүчө чагылдырууга болот:

  • М.Горький атындагы көчө 22;
  • Токтогул атындагы көчө 47;
  • Фучик атындагы көчө 19;
  • И.Ахунбаев атындагы көчө 186/1 (А.Бакаев атындагы көчө менен кесилишкен жерде).

"Газпром Кыргызстан" – эл үчүн ыңгайлуулук!

"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы - "Газпром" ПАОнун 100 пайыз туунду ишканасы – Кыргыз Республикасына жаратылыш газын импорттоочу эксклюзивдик импортёр, республиканын газды транспорттоо жана аны бөлүштүрүү системи болуп саналат.

"Бакай Банк" ААКсы 19 жылдан ашуун убакыттан бери Кыргыз өлкөсүнүн калкына финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири топтомун сунуштап келет. Учурда банктын 70тен ашуун аманат кассасы жана филиалдар түйүнү өлкөнүн бардык регионунда тез жана ыңгайлуу кызматын сунуштап жатат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан