БУУнун Коопсуздук кеңешмеси Орусиянын Сирия боюнча резолюциясын кабыл албай койду

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешмеси батыш коалициясынын Сирияга карата чабуулун талкуулоо үчүн 14-апрелде чукул жыйынга чогулду. Буга чейин орун алган окуяга тезинен баа берүүнү Орусия талап кылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Орусия аталган жыйында резолюция долбоорун сунуш кылган. Бул резолюцияга ылайык, АКШнын, Франциянын жана Улуу Британиянын Сирияга карата соккусу сынга алынып, мындан ары куралдуу күчтү колдонуудан баш тартуу талабы коюлган. Бирок резолюциянын долбоорун БУУнун Коопсуздук кеңешмеси колдоого алган жок.

Ошондой эле Сириянын Тышкы иштер министрлиги Эл аралык коомчулуктан батыш коалицияны айыптоону талап кылды.

Эске салсак, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп "Сириянын өкмөтү химиялык курал колдонду" деп Сириянын аймагына сокку урууга буйрук берген. 14-апрелде АКШ, Улуу Британия жана Франция Сириянын аймагына карата ракеталык сокку урган. Сириянын башкы штабынын маалыматына ылайык, батыш коалициясы жарандык жана аскерий объектилерге 110 ракета чыгарган. Жыйынтыгында 3 жаран жабыр тарткан. Чыгарылган ракеталардын көпчүлүгү атып түшүрүлгөнү айтылган. Ал эми батыш коалициясынын соккусун Орусиянын президенти Владимир Путин "Террорчулук менен күрөшүп жаткан көз карандысыз өлкөгө карата баскынчылык аракети" деп баалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
gute
2018-04-15 11:08:02
БУУ АКШга сатылып кеткен. Американын айтканын кылат.
+16
traveler
2018-04-15 11:18:52
gute, БУУ да дүйнөнүн баардык өлкөлөрүнөн өкүлчүлүктөр бар. Добушка коюлду өтпөдү, АКШнын эмне тиешеси бар ага? Дайым айтылып келгендей дүйнөдө Россиянын он чакты гана тарапташы бар. Калган 170 олконун баары Асадга каршы.
-26
ooki8888
2018-04-15 21:33:18
traveler, АМерикага эле соз тийгизбей мактайсын,ХХХХХХ
+1
traveler
2018-04-15 22:10:58
ooki8888, Мактабайм, мен калыс сөздү жазып жатам. АКШ да Россия да мен үчүн эч ким эмес! ХХХХХХХХХХ Россия мн да кызматташуу керек, бирок бир жолу аны улуу олко деп тааныбоо керек.
+1
admin_media
2018-04-16 16:37:08
ooki8888, жеке билдирүүлөр үчүн купуя кат бар!
0
traveler
2018-04-15 11:40:01
Америка япондорго атом бомба таштаган деп тарыхты чукуп жаткандар. Силер унутуп калдынарбы Россия атомсуз Кыргыздардын 3тон экисин уркундо кырып салганын? Ошондо кырбаганда азыр кыргыздар 15млнго жетмекпиз. Дагы эле орустарга кошоматчылык кылып журосунор, саткындар.
-16
Zaina
2018-04-15 12:40:18
Путинге сооп болуптур. Асылганы эле Америка.
-12
Sagyn.91
2018-04-15 12:40:21
Бир нерсени баштаганы турушат.
Тынстык эле болсунчу!
+1
traveler
2018-04-15 12:42:39
Сирияда АКШ дагы Россия дагы өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп жатат. Кыргызстанга экөөнүн тең тиешеси жок, өздөрү билсин. Бирок Батыш НАТО Россиядан алдыда экенин тан алуу керек. Орустар оздору тан алып олтурат.
-9
evra_kg
2018-04-15 14:32:03
Эл жашаган жерге эле атыптыр США ракетасын Россия 20эле ракетасын тушуруптур Россия жалган маалымат таратып атыптыр
-8
Brokg89
2018-04-15 14:53:58
erlist эн туура айтасын Россиянын кучу бизге эле жетчуудой!Мигранттарга!
-6
traveler
2018-04-15 15:02:09
Brokg89, Интернетте каррасаңар орустар кыргыздарды кандай басынтып жазышат. Кыргызстан Средний Азиядагы эң слабый олко, биздин жумуштарды кылып журосунор, биз жок болгондо жашай албайт эленер ж.б толгон токой кемсинтуулор. А АКШ жарандарынан ошондой кемсинтуу уктунарбы мисалы! Дагы эле Россия орустар жакшы мигранттар учун. ээх байкуш кыргызым.
-9
admiral
2018-04-15 15:15:41
Brokg89, Россия канчалаган мекендештерди батырып, канчалаган адамдар үй-бүлөсн, бала чакасын ушул жерде иштеп тиричилик кылып багып жүрөт . Россия болбогондо каякка бармак элек? Орус элдери канчалаган мигранттардын косятарына чыдап жүрүшөт ал жактарын да карашыбыз керек да. Орустар жөнөкөй, пейли кенен болгону үчүн ушул жерде батып иштеп жүрөбүз. Документтер мыйзам боюнча так болуп, өзүбүздү адекватный алып жүрсөк бизге эч ким күчүн чыгарбайт Россияда. Өзүбүздү билбей туруп эле башкаларды күнөөл
+7
traveler
2018-04-15 15:23:30
admiral, Россияга кара жумушчу мигранттар да керек, ошон учун батырып жатат. Жакшы жумуштарга коё бербейт эч качан. Өмүр бою Россияны мактап мигрант болуп журо бериш керекби анан? Грузияга окшоп Батыш мн мамиле тузуп, экономиканы которуу керек. Анан Россияда иштеп жатабыз деп эле, Россияны супер олко катары мактай беруу да туура эмес.
-11
admiral
2018-04-15 16:40:07
traveler,Албетте өмүр бою мигрант болуп жүрүш эмес, келечекти оңдоо үчүн жүрөбүз. Ал эми жумуш боюнча айтсак жердештерибиз ар кандай жумуштун түрлөрүндо иштешет. Мисалы мен Екатеринбург шаарындамын. Бул жак көпчүлүк мекендештер базарда эмгектенишип, орустардан жакшашат. Кыскасы лично мен орустарга рахмат айтам.
+6
traveler
2018-04-15 18:21:43
admiral, Азыр убактылуу акча тапканыңар менен, өлкөнүн келечеги эмне болот? Силерден кийинки муун да Россияда мигрант болуп журо берет. Же акыры орустарга кошулуп орусташып жок болосунар аягы. Орустар эч качан Кыргызстан дуркуроп онугуп кетуусун каалабайт. Аларга мигранттар керек. Озуно коз каранды кылып журо берет. Убактылуу жашоо учун Кыргызстандын келечеги кызыктырбагандар кобойгону окунучтуу. Россия менен такыр мамилени узуш керек дебейм, бирок онугууну орустардан издебоо керек.
-7
admiral
2018-04-15 15:16:11
туура эмес болуп калат.
0
traveler
2018-04-15 16:47:36
Сирия атың чыкпаса жер өрттө деген өлкө болдуго бул. 2011ге чейин Сирияны дүйнөдө көпчүлүгү билбесе дагы керек эле. Согуш чыгып бүт дүйнөгө популярдуу болуп атат, өлкөлөрдү бир бирине каршылаштырып. Жада калса ушул жердеги коммент жазгандарды да каршы кылып койду. Молодец Сирия! Алга!
-8
erlist
2018-04-15 16:47:51
Россиянын созу да отпой калган эч кимге Россия тажик озбек кыргызга эле кыйын болду.
+2
Safiya91
2018-04-15 17:39:12
Эки дөө урушса ортодо чымын өлөт демекчи карапайым элге кыйын болот. Тынчылык аманчылык эле болсунчу.
+4
zhigitaly
2018-04-16 09:12:31
Эл аралык саясий эксперттер кобойуп кетпегенби?)) бул жерде биздин баш жетпеген кооп кызыкчылыктары бар болсо керек акш менен окендердин
+2
jbolotov
2018-04-16 10:30:08
Азыр кыргыз жаштарынын 70% тушунугу ото ылдый. Намыс жок. 1991 жылга чейин Кыргыз элинин оз саясаты болгон эмес, Ж.Абдрахманов Кыргыз элине адилетсиз мамилени айтам деп атылып кеткен. Уйдо ачка отурсакда Россияга план тогуп жашаган аталарыбыз, кулдай иштеген, иштебесен сургунго Сибирге айдаган, эгер бул жонундо айтып чыксан анда атууга кетчусун улутчул, эл душманы деген болуп, бирда Кыргыз Кыргызстандын саясатын жургузо алган эмес, тек гана Кремльдин созун айткан Кыргыз жетекчилер болгон.
0
jbolotov
2018-04-16 10:34:24
1991 жылы Америка саясаты менен болунуу башталганда Акаевке Америкалык адистер кандай кылышты кенеш берип, мамлекет болгондон коркбогула, акча, реформа жагын биз тузуп беребиз деп Россиядан болуп ыкчам турдо Америка элчилигин ачып салган, Россия Америка менен чогуш чыгып кетбесин деп Кыргызстанга окшош олколорду озуно кайтаралбай калды, ошондон бери Россия куйту саясатын токтото элек. Америкага рахмат дешибиз керек.
0
Nurmat92
2018-04-16 12:45:43
Ээй элдин иши менен силердин эмне ишиңер бар? Мага десе бири өлүп бири калсын. Өзүбүздүн кемчилигибизди билбей туруп башканыкын ушак кылбай тынч бололу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан