Канаданын өкмөт башчысы Трамп кайталап келген сунушту ага айтпаганын билдирди

Канаданын премьер-министри Марк Карни АКШнын президенти Дональд Трамп аны менен жолугушууда Канаданы АКШга кошуу сунушун айтпаганын билдирди.

"Жок. Ал Канадага чоң урмат көрсөттү",- деди Карни басма сөз жыйынында.

Коңшу өлкөлөрдүн лидерлери 16-17-июнь күндөрү өткөн чоң жетиликтин (G7) саммити башталар алдында жолугушкан.

Трамп буга чейин бир нече жолу Канаданы АКШнын курамына кошуу керек деген идеясын айтып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан