КҮНСЕРЕП: Сапар Исаков парламенттеги оппозициядан "кулады"

Бүгүн, 17-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Башкы прокуратуранын Прокурорлордун соттордогу ыйгарым укуктарын камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев 200 миӊ доллар пара алып жатканда кармалды. Чалбаев жарандардын биринен 500 миӊ доллар талап кылып, анын 200 миӊин алып жатканда колго түшкөн. Акчаны кимден, кандай максатта алып жатканын УКМК ачыктаган жок. Анын кармалганы тууралуу маалымат кечээ түштөн кийин жарыяланган. Бүгүн ал “кан басымы көтөрүлдү” деп ооруканага жаткырылганы белгилүү болду. Интернетте бул адам кечээ финполго жетекчи болуп дайындалган Болот Сүйүмбаевдин карындашынын күйөөсү экендиги айтылып, жазылып, кызуу талкууга алынууда. Азырынча бул маалымат расмий органдар тарабынан тастыкталбады.

16-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Дүйшөн Чоткараевди УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчилигинен алып, ордуна 6-мартта Сагынбек Исмаиловду дайындаган. 200 миӊ доллар пара алып жаткан Улан Чалбаевди кармоо - Исмаиловдун алгачкы көрүнүктүү иштеринин бири болду. Коррупцияга каршы күрөштү аёосуз жүргүзүү талап кылынып жаткан маалда жарым миллион доллар пара талап кылуу өзүнчө “эрдик”. Бул кармалбайм, жаза тартпайм дегендикпи?

2015-жылы Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев 100 миӊ доллар пара алып жатып кармалган. Арпачиев “пара талап кылуу” беренеси боюнча айыпталып, 2016-жылы 14 жылга эркинен ажыратылды. Мыйзам бирдей иштесе, Чалбаевди да ушундай эле жаза күтөт.

Арпачиев экс-депутат Карганбек Самаковдун кылмыш ишин токтотуу үчүн Самаковдун баласынан 200 миӊ доллар доолаганы айтылып, анын 100 миӊин алып жатып колго түшкөн. Баш прокурор Индира Жолдубаева Арпачиевдин окуясы жалпы прокуратура системине мүнөздүү эмес, жалгыз окуя, бүт прокуратура органдары коррупциялашкан деп айтууга болбойт деген эле. Жолдубаеванын сөзү чындыкка туура келбесин, Арпачиев жалгыз эместигин Чалбаев көрсөттү.

Кечээ Сапар Исаков тарабынан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына башчылыкка дайындалган Болот Сүйүмбаевдин туугандары жөнүндө 2017-жылы Өмүрбек Текебаев айтып чыккан. "Ата Мекендин" лидери Кыргыздын атынан Евразиялык экономикалык комиссияда Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Турусбек Коёналиевдин уулу Данияр Турусбеков, "Кыргызавтомаш" жана "Автомашрадиатор" ишканаларынын 45 пайыз акциясынын ээси Анатолий Черныйдын уулу Илья Черный, УКМК төрагасынын орун басары Болот Сүйүмбаевдин жеңеси Паиза Сүйүмбаева кызматта турат”, - деп сындаган. Текебаевге жооп кылып өкмөт Данияр Турусбеков Текебаев айткан адамдын баласы эместигин, ал эми Илья Черныйдын Текебаев айткан ишканаларга тиешеси жоктугун билдирген. Ал эми Паиза Сүйүмбаева боюнча өкмөт "ал ЕАЭК кызматына эл аралык уюм өткөргөн сынактын тандоосу менен дайындалды" деген кыска жооп узатып кутулган. 200 миң доллар пара алып жатып кармалган Улан Чалбаев дал ушул адамдын күйөө баласы экендиги айтылууда...

Тажикстан Кытайга карызынын ордуна "Жогорку Кумарг" алтын кенин иштетүүгө берет. Кенди Кытайдын ТВЕА компаниясы иштетет. Бул кенди ТВЕА "Душанбе-2" жылуулук электр борборун курууга Кытайдан берилген карызды төлөп бүткүчө каза турганын Тажикстандын Геология башкармалыгы ырастады. 2017-жылга карата Тажикстандын тышкы карызы 2,3 миллиард доллар болсо, мунун 1,2 миллиард доллары Кытайдан алынган.

Тажикстанда "Душанбе-2" жылуулук борборун ТВЕА компаниясы 350 миллион долларга курган. 330 миллион доллары Кытайдан алынган кредит.

Мындай сценарий Кыргызга карата да колдонулушу мүмкүнбү? Бүгүн көпчүлүк Кыргыз жарандарын ушул суроо бир түйшөлтүп алганы бышык. 2018-жылдын 1-январына карата Кыргыз өлкөсүнүн тышкы карызы 4 миллиард 80 миллион долларды түздү. Жалпы карыздын 42 пайызы же 1,7 миллиард доллар Кытайдын Экспорт-импорттук банкынан алынган. Мисалы, 2012-жылы "Датка-Кемин" жогорку чыӊалуудагы электр линиясын курууга 389 миллион доллар кредит алынган. Төлөө мөөнөтү 20 жыл, 9 жылы жеӊилдетилген, башкача айтканда, кредиттин үстөк пайызын гана төлөчү мөөнөт. 2013-жылы Кытайдын ушул эле банкынан Бишкек ЖЭБин жаӊылоого 386 миллион доллар кредит алынган. Төлөө мөөнөтү 20 жыл, 11 жылы жеӊилдетилген мөөнөт. 2013-жылы Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун 1-фазасын курууга 400 миллион доллар кредит алынды. Төлөө мөөнөтү 20 жыл, 9 жылы жеӊилдетилген мөөнөт. 2015-жылы Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун 2-фазасын каржылоого 297 миллион доллар карыз алынган. Мунун 185 миллион доллары 20 жылга, 112 миллиону 25 жылга берилди. 2013-жылы Ош-Баткен-Исфана жолун жаӊылап курууга 91,4 миллион доллар кредит алган. Төлөө мөөнөтү 20 жыл, 9 жылы жеӊилдетилген мөөнөт. Бул карыздардын баары 1,5-2 пайыз жылдык үстөгү менен алынды. Акчаны Кыргыз өлкөсү 2033-жылга чейин төлөп бүтүшү керек. Келишимге ылайык, 2023-2024-жылдары жеӊилдетилген шарттар бүтөт. Каржы министрлиги карызды төлөөнүн туу чокусу 2025-жылга туура келет дейт.

Кредиттерди бюджетке киреше алып келе турган долбоорлорго гана жумшоо сунуштары айтылып жатат. Расмий маалыматка таянсак, Кыргыз өлкөсү акыркы 27 жылда алган карыздын көбүн жол жана энергетика тармагына жумшаган. Быйыл март айынын башында "Center for Global Development" эл аралык изилдөө борборунун аналитиктери Кыргыз өлкөсү, Жибути, Лаос, Мальдивы, Монголия, Черногория, Пакистан жана Тажикстан алган карыздарынан улам Кытайга көз каранды болуп баратат деген билдирүүсүн жарыялаган. 13-мартта премьер Сапар Исаков 2018-2020-жылдарга Кыргыздын мамлекеттик карыздарын башкаруу стратегиясын бекитти. Анда 1 кредитордон алынган карыздын суммасы өлкөнүн жалпы карызынын 50 пайызынан ашпасын деген пункт бар. Өкмөт Кытайдан карыз алуудан өзүн чектей баштады...

Парламенттеги оппозициялык блок, "Ата Мекен", "Республика-Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары 2017-жылдагы иши боюнча өкмөттүн отчётун угуп, "канааттандырарлык эмес" деп тапты. Жыйын аягында сөз сураган Сапар Исаков өкмөткө айтылган сын-пикирлер үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирип, демократиялык өлкөдө ушундай процесстер сөзсүз болушу керек деп, бул көрүнүшкө кубанганын айтты. Сапар Исаков жетектеген өкмөткө Бишкек шаарын жылытуу сезонуна даярдоонун алсыздыгы, өлкөнүн эки шаарында пилоттук негизде ишке киргизилет деген "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашырылбагандыгы, "Кумтөр" менен экологиялык абал боюнча Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына туура келбеген келишим түзүү, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу иши алга жылбагандыгы жана башка иштер боюнча начар деген жыйынтык чыгарылды. "Кумтөр" келишими боюнча депутаттык комиссия түзүүнү демилгелемекчи болушту.

Бүгүнкү жыйын КСДП жана “Кыргызстан” фракцияларынын өкмөттүн отчётун угуусунан кескин айырмаланып, учурда коомчулукта айтылып, талкууланып жаткан дээрлик бардык иштер, көйгөйлөр боюнча суроолор берилди.

Депутаттарды Бажыдагы абал кызыктырды. Руслан Казакбаев "Бажыда киреше эселеп өскөнүн жарыя кылдыңар эле, бул өсүш уланып жатабы?" - деп сурады. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов январь-февралда Бажыда өсүш мурунку көрсөткүчтөргө салыштырмалуу эселеп өскөнүн, бирок марттан тартып өсүш жайлаганын, "Ош" бажысынын кирешеси түшүп кеткенин айтты. "Ош" бажысы аркылуу жүк жүктөгөн унаалар кирбей калды, ушундай саботаж болуп жатат", - дейт Кулматов. Бул сөздөн кийин Сапар Исаков Кулматовду "азыраак сүйлөөгө" үндөп, Бажыдагы абал боюнча цифралар жана ысымдар убагы келгенде айтыларын эскертти. "Өнүгүүнүн" лидери Бакыт Төрөбаевди мындай жооп канааттандырбай, премьерге кайрылып: "Тогуз-Тородогу жаӊжалдын артында саясатчылар турат деп айтып, алардын ысымдарын айткан жоксуз. Бүгүн бажы боюнча да саясатчылар турат деп атын атабай жатасыз. Саботаж уюштуруп жаткандар кимдер, ачык эле айтып койбойсузбу?" – деп суроо салды. Мындай суроо өкмөт башчыга жакпады. Ал “качан, эмнени жарыялайм, өзүм билем” деген жооп узатты.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Талант Мамытов жана дагы бир нече депутат өкмөттүн “Кумтөргө” экологиялык негиздеги 7 миллиард долларлык доодон баш тартуусун “чыккынчылык” деп атап, “Кумтөргө” адвокат болуп жатасыңар деп айыпташты.

Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча Сапар Исаков депутаттарды абайлап сүйлөөгө чакырып, "Кытайдын элчиси биздин Тышкы иштер министрлигине келип Кытай тараптын нааразы болуп жатканын айтыптыр", - деди.

Ошентип саат 11ден кечки саат 8ге чейин созулган жыйында оппозициялык блок өкмөттүн 2017- жыл боюнча отчётун “канааттандырарлык эмес” деп тапты.

Ал жылдын 4 айында гана Сапар Исаковдун өкмөтү иш алпарып, калган бөлүгүндө учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков иштегенин депутаттар сөзгө кошпой айланып өтүп жатышты.

Коалициядагы эки фракция өкмөттүн өткөн жылдагы ишине “канааттандырарлык” деп баа берген, оппозициялык блок “жарабайт” деп баалады. Эми жалпы жыйында Исаковдун өкмөтүнүн тагдыры чечилет. Ага чейин өкмөт жөн жатпасы түшүнүктүү. Өзгөртүлгөн Конституция берген мүмкүнчүлүктөрүн толук колдонууга бел байлап, кечээ Сапар Исаков президент иштен алган Болот Сүйүмбаевди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына башчы кылып алып келди. Муну менен “мурункулар” командасы ва-банк кетти. УКМК менен прокуратура башчылыгын колдон чыгарып жибергени менен экс-президенттин командасынын колунда ИИМ, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, Салык, Бажы кызматы жана башка рычагдар турат. Андыктан Исаковдун өкмөтүнүн ар бир күндүк жашоосу бийликтеги экинчи тарапка, Жогорку Кеңештин депутаттарына да каршы ойноодо...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан