ЖЫЛНААМА, 18-АПРЕЛЬ: Мындан 63 жыл мурун белгилүү физик Альберт Эйнштейн дүйнөдөн кайткан

Залкар немис физиги, салыштырмалуулук теориясынын жана ошондой эле мейкиндик, мезгил, кыймыл, жарык, зат жана тартылуу жөнүндөгү түшүнүктөргө жаңы мазмун берип, физикалык теорияларды ачкан XX кылымдын улуу окумуштуусу Альберт Эйнштейн 76 жашында АКШнын Нью-Жерси штатындагы Принстон шаарында каза болгон. Өлөр алдында немис тилинде бир нече сөз айткан, бирок аны уккан америкалык медайым түшүнмөк түгүл кайра кайталап бере алган эмес.

Немис физик-теоретиги, “Нобель” сыйлыгынын лауреаты Альберт Эйнштейн 1879-жылы 14-мартта Германиядагы Дунайдын сол жээгиндеги Ульм шаарында туулган. 9 жашка чыкканда ата-энеси аны Мюнхендеги католиктик даярдоо мектебинен, кийин гимназиядан окутушкан. Кийин Араудагы кантоналдык мектепти бүтүрүп келип, политехникалык институттун математика жана физика мугалимдерин даярдоочу педагогикалык бөлүмүнө экзаменсиз кабыл алынат. Студент болгондон кийин илимге болгон кызыгуусу артып, бир нече курстарга жазылып катыша баштайт.

Ал жактан улуу философтордун, физиктердин илимий эмгектери менен кеңири таанышат, окуудан кийин бүт убактысын химиялык кабинеттин лабораториясында өткөрөт. 1900-жылы ал институтту эң жакшы деген баалар менен бүтөт. Бирок туруктуу иш таба албай көпкө кыйналат. Ошол убакта Берлинден чыгуучу "Физиканын анналдары" деген журналга анын теориялык физика боюнча макалалары жарыялана баштайт.

1902-жылдан баштап Берлиндеги патенттик бюродо референт болуп иштеп жүрүп, Европадагы физика жана математика боюнча жаңы эмгектер, ачылыштар менен таанышат, бул ага жакшы таасир берет.

1905-жылы жазган "Броун кыймылдары" деген эмгегинде молекулалардын жана алардын кыймылдарынын реалдуулугунун аныктыгын далилдеген. Ошол эле жылы фотондор теориясын жана салыштырмалуулуктун атайын теориясын иштеп чыгат жана аны 1916-жылы формулага салган. 1933-1940-жылдары окумуштуу талаанын гравитациялык жана башка физикалык талаалардын жаратылышын түшүндүрүүчү бирдиктүү теорияны иштеп чыгууга аракеттенген. Анын эмгектери азыркы физика менен техниканын ажырагыс бөлүгүн түзөт. Атомдук энергияны согуштук максатка пайдаланууга чечкиндүү каршы чыккан.

Окумуштуу дүйнөнүн көптөгөн академияларынын жана илимий коомдорунун мүчөсү, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты (1921), СССР Илимдер Академиясынын ардактуу мүчөсү (1927) болгон.
18-апрелдин жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан