Досалы Эсеналиев Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарланды.
Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде тиешелүү жарлыкка кол койду.
Эсеналиев Досалы Акпаралиевич, 1965-жылы 11-апрелде туулган.
Туулган жери - Ала-Бука району, Көк-Серек айылы.
1990-жылы Кыргыз улуттук университетин тарых жана коом таануу багыты боюнча бүтүргөн.
1993-жылы Кыргыз улуттук университетинин "Тарых" бөлүмүнөн аспирантураны аяктаган.
Эмгек жолу :
1999-2001-жылдары - Кыргыз Республикасынын президенттик администрациясынын маалымат кызматынын эксперти;
2001-2008-жылдары - Бүткүл дүйнөлүк банктын "Жакырчылыкты жоюунун стратегиясынын институционалдык колдоо" долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси;
2003-2008-жылдары - президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы;
2008-2009-жылдары - президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары;
2009-2010-жылдары - президенттик аппараттын Жогорку Кеңеш менен байланыш бөлүмүнүн башчысы;
2010-2012-жылдары - "Республика" партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы;
2014-жылдан баштап "Бир Бол" партиясынын аткаруу комитетинин башчысы;
2016-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы.
Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.