"WhatsApp English" долбоору: "Англис тилин кыргыз элибизге үйрөтсөк, калган көп нерсени алар өздөрү үйрөнүп алышат"

Баарлашуу үчүн колдонулган WhatsApp тиркемесин билсеңиз керек. Аны дагы кандай максатта колдоносуз? WhatsApp аркылуу англис тилин үйрөнүү мүмкүн экенин билчү белеңиз? Бүгүнкү макалабызда дал ушул нерселер тууралуу сөз болмокчу.

- Саламатсызбы? Өзүңүздөр тууралуу айтып кетсеңиздер.

- Саламатчылык. Командада 3 кишибиз: Максат агай, Акылбек агай жана мен. Менин атым Чыңгыз, долбоордун менеджери болом.

- WhatsApp аркылуу англис тилин үйрөтүү долбоорун баштоого эмне түрткү болду?

- Бизде WhatsApp тиркемесин өлкөнүн алыскы аймактарында дагы колдонуп келишет. Негизги максатыбыз - ар бир кыргыз мекендешибизге англис тилин америкалыктардан айырмасы жоктой сүйлөөнү үйрөтүү. Башка курстардан айырмабыз кайсы жерде болбоңуз, WhatsApp тиркемеңиз эле болсо, англис тили сиз менен, көчөдөбү, пикниктеби, саякатта жүрөсүзбү, айырмасы жок. Өтүлгөн сабак сиздин телефонуңузда сакталат. Атайын курска барып келүү үчүн убакыт коротпойсуз. Тил үйрөтүү борбору жок болсо да, биз менен үйрөнө аласыз. Анан арзан. Негизги айырмабыз, өзгөчөлүгүбүз - “Америка акценти” деген сабагыбыз бар. Тамга, тыбыш кандай, кайсы жерден айтылат, артикуляторлор кандай колдонулат, мына ошолорду үйрөтөбүз.

Англис тили - бул баарыбыз билгендей эле дүйнөлүк тил. Биз ар бир мекендешибизге англис тилин үйрөтүү менен бир аз жол ачсак, калган көп нерселерди алар өздөрү үйрөнүп аларына ишенебиз. Бир мисал: Индияны карап көрсөк, жарандары бир гана англис тилин сүйлөй алганы үчүн дүйнөлүк рынокко чыга алышат. Программисттер болобу, медикпи же жөн эле өзү билген нерсени интернетте бөлүшкүсү келген адам болобу англис тилин эле билсе дүйнө менен иштеше алат. Азыркы учурда англис тилин билген мекендештерибиз дүйнөлүк дэңгээлде соода кылып келет. Мисалы, Кыргыз өлкөсүндө туруп, Амазон деген чоң сайт аркылуу товар сатышат же чоң компанияларга программа жасаган балдарды кезиктирүүгө болот. Булардын баары тилди билбегенде мындай ийгиликтерди багынта алмак эмес.

- Жетишкендиктериңиздер тууралуу да айтып берсеңиз.

- Акырындап кыр ашып келе жатабыз. WhatsApp аркылуу англис тилин үйрөнүүгө Кыргыз өлкөсүндөгү эле жарандар эмес, чет өлкөгө чыгып, англис тилинен кыйналган мекендештерибиз дагы катталган. Мисалга алсак, Орусия, Дубай, Кытай, Америка, Түркия, Польша, Корея жана башка мамлекеттердеги Кыргыз мекендештер катталып окушат. Орусиядан бизге жазылып окуган Асел аттуу айым азыр Орусиядагы Кыргыз мекендештердин балдарына сабак өтүүдө. Биздин сабактарга катышкан дагы бир окуучубуз: “Мурда америкалыктар англисче сүйлөсө түшүнчү эмесмин, сиздерден акцент боюнча сабак алган соң АКШ президенти Трамптын сүйлөгөндөрүн угуп, түшүнө баштадым”, - деп ою менен бөлүшүп кетти. Булар биз үчүн чоң жетишкендик десек болот.

- Мугалимдер жөнүндө да айта кетсеңиз.

- Максат жана Акылбек агайлар - Америкада окуп келген, англис тилин мыкты билген, ишин чындап сүйгөн тажрыйбалуу, кесипкөй мугалимдер. Дүйнөгө таанымал ишканалардын жетекчилерине сабак өткөн. Атап айтсак, Лукойл, Газпром, Яндекс, Рамблер жана башка ишканалардын өкүлдөрү сабак алышкан.

- Сиздерге каалоочулар кантип катталса болот?

Бизге катталып окууну каалагандар WhatsApp аркылуу байланышканда ( 0770 521 321 ) онлайн тест менен алгач деңгээлин аныктайбыз. Андан кийин бизге окутуу акысын алдын ала төлөйт, андан соң биз ылайыктуу топко кошобуз. Видео-аудио сабактар, көнүгүү жана тапшырмалар жумасына 5 күн жиберилет. Үйрөнүүчүлөр 24 сааттын ичинде өздөрүнө ыңгайлуу учурда сабакты карап чыгып, түшүнбөгөн жерин сурай алат.

- Маегиңиз үчүн рахмат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Kanzada97
2018-05-28 18:38:33
Канча толойт экенбиз
0
aibars
2018-05-28 18:48:07
Айына 1000 сомдон экен, озундун денгеелиндеги группага кошуп уйротот экен, жумасына 5 жолу. Негизи уйронуунун ынгайлуу формасы экен.
0
yrmat88
2018-05-28 18:53:36
Англис тилин уйронгум келет. Просто жаман жалкоомун да. Мээге оной менен кирбейт.
+6
Aznazalai
2018-05-28 19:20:25
Орус тилин уйроткондор барбы ушундай ишенимдуу адамдардан.Орусчадан жаман кыйналып журом да
+9
O.dembele
2018-05-28 22:17:47
Aznazalai,я тоже(((
+4
Nendi15
2018-05-29 12:42:49
Aznazalai,ушулар менен байланышсанар бар экен орус тилин да уйротуучулор
+1
Kyrgyz_bloger
2018-05-28 20:37:13
500 сом кылса деле болмок
+1
Topchu83
2018-05-28 22:21:40
Kyrgyz_bloger,айылдагыларга 500 сом деле кымбат мисалы курска катышып окусанда айына 1000 сом
+1
progresskg
2018-05-28 21:11:20
Англис тилин бекер уйротуш керек кыргыздарга! Бекер эле уйронгуло.
толтура жолдору бар. Мисалы duolingo деген app бар, ошону озунордун смартфонунарга жуктоп алып, уйроно баштасанар болот. Андан тышкары [moderated]та жана негизи эле интернеттен уйронсонор болот, толтура.
+3
maks94.kb
2018-05-28 21:55:03
Негизи жакшы уйротушотор
0
borbuk
2018-05-28 23:46:08
админ,орус тилин уйротчулор барбы
+3
fantomas
2018-05-29 12:03:33
Бизнестин жакшы турун ойлоп табышыптыр...
+3
Tyty1990
2018-05-29 12:29:08
Реклама зынк
+4
Nurmat92
2018-05-29 14:43:38
Ансыз деле кыргыз тилим тебеленип, өсүп келе жаткан жаштар "телефон чукулаешь нет кывраешь" деп тилибизди унутуп баратышат. Англис тилин билгенибиз жакшы бирок кыргыз тилин билүү баарыбыз учун закон болсо жакшы болот эле
+4
bond02
2018-05-29 14:50:17
бекер болсо окуюн дедим эле.
+1
newman
2018-05-29 15:00:35
Бекердин оокаты жарыбайт. 1000 берсең жаның ачып бир аз аракет кылаарын. Бекер деп койгонунар кандай? Агайлардын эмгеги эске алынбайбы эмне? Ош базарда араба турткон адам деле 50 сом кызматына алып атпайбы?! Анан бул жерле озун пакет кылсаң берекет,болбосо жок
+1
Topchu83
2018-05-29 17:58:12
newman,бекер эмес арзаныраак окутушса жакшы болмок
0
tular
2018-05-29 16:03:43
Сертификат берет болду бекен буткондо...
+1
Miss.erkewka95
2018-05-29 18:59:19
tular,Воцап аркылуу, сертификаттын сүрөтүн жиберет)))
+1
baisogur
2018-05-29 18:52:39
Канча айда толук уйронсо болот экен
0
Adi.Avazbekov
2018-05-29 22:41:19
baisogur,araketine karap 1 2 aida uironsonup ketsen bolot
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан