Ошто кайрымдуулукка жана ынтымакка үндөгөн "Рамазан чатыры" эшигин ачат

Ыйык Рамазан айынын урматына Ошто масштабдуу жана уникалдуу долбоор болуп саналган "Рамазан чатыры" эшигин ачат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары - "Умма" ислам журналынын жамааты билдирди.

Билдирүүгө ылайык, "Рамазан чатырынын" майрамдык ачылышы 4-июнда саат 20:00дө Ош шаарындагы З.Бабур атындагы музыкалык-драма театрынын аймагында болот. Ага Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик органдарынан өкүлдөр, түрдүү конфессия, ишенимдин өкүлдөрү, маданий жана коомдук ишмерлер жана жардамга муктаж адамдар чакырылды.

"Рамазан чатырынын" максаты - ыйык айдын урматына колунда жок, жардамга муктаж адамдарга биргелешкен кайрымдуулук ооз ачуу тамактарын уюштуруу.

Уюштуруучулардын айтымында, 250 кишиге ылайыкталган акысыз ооз ачуу тамактары 4-июндан 14-июнга чейин күн сайын уюштурулмакчы. Конокторду таттуу даамдардан тышкары Рамазан тууралуу баяндар, кызыктуу тасма, түрдүү конкурстарды камтыган маданий программалар да күтөт.

Рамазан чатыры майда, декоративдүү лампочкалар менен кооздолуп, ага аят, хадистер, ислам тууралуу уникалдуу инфографика, плакаттар илинет. Азыркы тапта Ошто чатырды орнотуу ишинин 60 пайызы бүттү.

Элиана-Марьям Сатарова "Умма" ислам журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова иш-чара тууралуу мындай дейт: "Бул кайрымдуулук жана социалдык-маданий долбоордун максаты - колунда жок, жардамга муктаж адамдарга ооз ачуу тамактарын уюштуруп, атайын даярдалган уникалдуу маданий программалар аркылуу аларга майрамдык маанай тартуулоо. Мындан тышкары түрдүү улут, диний көз караш, ар кыл курак жана социалдык деңгээлдеги адамдарды бир чатыр астына бириктирип, өз ара диалог түзүү, бири-бирин таануу, байланыштарды чыңдай турган платформа түзүү. Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен "2018-жыл - Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыяланганына байланыштуу уюштуруучулар "Рамазан чатырын" Ошто өткөрүүнү чечтик".

Белгилей кетсек, "Рамазан чатыры" 2 жылдан бери Бишкекте өткөрүлүп келген. Былтыркы "Рамазан чатырында" 4000ге чукул жардамга муктаж мекендештерибиз майрамдык ооз ачууга чакырылып, көңүл ачып кетишкен. Буга кошумча, чатырдын жанына уюштурулган жардам пунктуна кайрымдуу адамдардан азык-түлүк, кийим-кечелер чогултулуп, алар жеринде өз ээлерине таратылган. Коомду кайрымдуулук, социалдык активдүүлүк жана ынтымак-ырашкерликке үндөгөн бул долбоор көпчүлүктү кызыктырып, ММК өкүлдөрүн да четте калтырган эмес. Бир катар жергиликтүү жана эл аралык ММКлар "Рамазан чатырын" жеринде чагылдырышкан.

"Умма" журналынын жамааты учурда иш-чарага даярдыктар кызуу жүрүп жатканын айтышты. Эгер сиз да бул долбоорго демөөрчү болуп же ыктыярчы катары кызмат өтөп, сооп табууну кааласаңыз, анда 0773 58 96 14, 0555 58 95 95 номерлерине байланышыңыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azatbek.Svoboda.
2018-05-31 19:59:54
Президентиңер аймакты өнүктүрүү жылы деп кагазга жазып койгон ошол кагаз менен бир жылда эчнерсе болбой өтөт! Айткан сөзүнө кылган ишине каршы келип жатат! Досунун көчүн улап жатат!Силер жакшы өз ыктыярыңар менен жасап жатасыңар!
-2
filis
2018-06-01 17:14:25
Азыр исламдын артына жамынып алып араб, пакистан элдеринин маданиятын, алардын туткан жашоо эрежелерин кыргыздардын арасына жайылтпай, элге туура маалымат бериш керек. Мусулманбыз деп эле черезчур диний эрежелерди ээрчип журо бербей.
-2
senchi
2018-06-01 18:24:08
Ошондой уюштурган акчага бечара кошунана берип койсон ошол эн соопто каласын
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан