Чоң, заманбап, ыңгайлуу. Globus бишкектиктерди жаңы гипермаркетти ачып кубантты

1-июнда Түштүк Магистраль менен Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн кесилишиндеги кезектеги чоң гипермаркеттин салтанаттуу ачылышы өттү. Бул жаңы гипермаркеттин ачылышы коноктор үчүн эсте каларлык болду: эстрада жылдыздары, балдар үчүн цирк оюндары, белектер жана көптөгөн арзандатуулар. Бул бир гана башталышы.

Гипермаркет абдан ыңгайлуу жайда, Түштүк Магистраль-Чыңгыз Айтматов (мурдагы Тынчтык кең көчөсү) көчөлөрүнүн кесилишинде “Ала-Арча” жаңы соода-көңүл ачуучу борборунун биринчи кабатында жайгашкан.

Аянты 2,5 миң чарчы метрди түзгөн жаңы маркетте 14 миңден ашык түрдүү товарлар бар. Жаңы гипермаркет Globus’тун бардык дүкөндөрүндөй эле санитардык, техникалык жана өрт коопсуздугу боюнча талаптарга жооп берет.

Бул жерде ыңгайлуу, кенен унаа токтотуучу жай бар. Анда 500гө жакын унаа батат.

Globus – Бишкектин бренди

Globus тармагы борбор калаабыздын накта бренди катары жарандардын сүйүктүү жерине айланды. Анткени компания кардарларына абдан кылдат мамиле кылат, алар өз кезегинде тармакты активдүү өнүктүрүүгө жардам беришет.

Globus’тун биринчи гипермаркети болгону үч жыл мурун ачылган. Бүгүн болсо 11 дүкөнү бар, алардын төртү чоң гипермаркеттер.

Жылдын башынан бери эле 3 дүкөн ачылган – “Джал”, “Ак-Босого” жана “Новопавловка”. Компания жарандардын суранычы менен Кыргыз өлкөсүнүн башка аймактарына да чыгууну пландоодо.

Ооба! Баалар дайыма арзан!

Globus’тун гипермаркеттерине жана супермаркеттерине кызыгуу туруктуу өсүп келе жатат. Мунун башкы себептеринин бири – жеткиликтүү баалар. Башында бишкектиктер ушундай ири маркеттерде баалар арзан экенине ишенбей баары кымбат деп туура эмес ойлошчу. Бирок Globus’тан сатып алуу эң пайдалуу экенин убакыт көрсөттү.

Ар бир жаранга Globus’тан!

Globus маркеттери 3 жыл мурун пайда болду. Бирок жарандар жана шаардын коноктору бул маркеттерди абдан жактырып, алар биз менен дайыма болгондой сезилип калды.


кошулду
Globus тармагынын 11-дүкөнүнүн ачылышы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Kyrgyz_bloger
2018-06-04 11:33:06
Ушул глобустар кайсыл мамлекеттин акчасын жеп алган чиновниктики болду экен.
+2
marat9895
2018-06-04 11:39:19
Шадиев
+5
Boika1986
2018-06-04 11:43:25
Глобус немистердики болушу керек.
0
talaa11
2018-06-04 11:46:16
Биздин айылгада ушундай чон Гипермаркеттер керек болтат ато районго барыш алыс болтат уч саат жол журуп
+1
Nurkyz1977
2018-06-04 12:30:14
Глобуска караганда Фрунзеде арзан.
+10
naziman
2018-06-04 12:41:52
Nurkyz1977,ооба Фрунзе арзан
+6
Mularamov
2018-06-04 18:44:12
naziman,
глобусту юилбедимго бирок силер мактаган фрунзедагы турктордун маркетидей айырмасы жок ветиринада башка баа кассада башка баа менен корсотот
-4
Azatbek.Svoboda.
2018-06-04 23:05:28
Mularamov,Тууган сен биринчи туура жаз!
+1
Janna07
2018-06-04 12:59:50
Балээге арзанбы, олгудой кымбат!!! Бир жолу тун болуп башка магазиндер жабык болуп, кокустан глобусга кирип калдым, атасынын баасы! Андан коро менин уйумдун артындагы кичине камок арзан
+3
anash
2018-06-04 13:41:03
мына ушул ала арчаны Шадиеа салдырып ачылышын кылып койду УКМК кайдагы жомокту айтат качып кетиптир деп оздору качрып ийди качан канчда кеткенин дана билет олмуштор элдин акчасын жеп анан ушунтип Шадиев байып олтурут билбейм ажобуз айтат эле айтат дайыны жокко же 6жыл айтып эле отуп кетеби
+8
kubinis.kg
2018-06-04 19:16:37
жакында базарларга эч ким каттабай калабы дейм жалан гипермаркеттерден соода кылышып
0
Kirajsjk
2018-06-06 02:32:39
kubinis.kg,en taza ichip jey turgan nerse bazarda.Bul marketterde takir buzulbagan tamaktar,demek ichine sirtina darilar kowulat.owon uchun bazardan sooda kilgila
0
Janna07
2018-06-04 19:56:52
Чындыкты жаздым, жопжонокой комментарийде чындыкты жазалбайсын башкасын айтпай эле койойун.
+7
grace
2018-06-04 22:48:23
Казактардыкы бул Глобус. Кыргызстандыкы Фрунзе, Боорсок.
-2
Azatbek.Svoboda.
2018-06-04 23:09:37
Бизге кандай айырмасы бар кайсы өлкө ачкан экенин?Бүт талаптарга жооп берсе баасы арзан болсо болду да! Биз өзү ушундай калкпызда колубуздан эч нерсе келбейт анан бирөөгө сын тагабыз! Көрбөй туруп эле өзүбүз чечип кйобуз! Андан көрө сүйүнүп башка аймактарга да ачылсын дейлик!
+1
AykaMer
2018-06-05 10:55:03
Ээй,коммент жазгандар!!! Бул жакшы жаңылык! Арзанбы кымбатпы не важно,главное жаңы гиппермаркет ачылыптыр. Сатып кетти,ичип кетти,качып кетти деген жаңылыктарды уккандан көрө,ушундай жаңылык уккан жакшы да. Кудай буйруса мындан да көп,мындан да жакшы гиппермаркеттер ачыла берсин... Кыргызстан өнүгө берсин.... Алга,алга жана алга!!!!!
-2
UmsunaiTem
2018-06-05 23:37:36
Онугот деген ушул да.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан