"Бакай Банк" "Белектер жылы" акциясынын биринчи жеңүүчүлөрүнө белектерин тапшырды

8-июнда "Бакай-Банк" ачык акционердик коомунун башкы кеңсесинде "Белектер жылы" акциясынын биринчи этабындагы жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи салтанаттуу өттү. "Бакай Банктын" жетекчилигинин атынан башкармалыктын төрагасынын орун басары Руслан Кагиров сөз сүйлөдү. Ал "Белектер жылы" акциясынын бардык жеңүүчүлөрүн куттуктап, белектерин тапшырды. Жеңүүчүлөр "Бакай Банктын" көңүл буруусу, кардарлар үчүн түзүп берген бардык ыңгайлуу шарттарына ыраазычылык билдирип, мындан ары да ийгиликтер болушун каалашты.

Белгилей кетсек, "Бакай Банк" ААКсы жана "Золотая Корона" акча которуу системи ушул жылдын март айынан тартып "Белектер жылы" акциясы старт алганын жарыялаган. 700 000 миң сом баш байгени утуп алуу үчүн 18 жаштан өткөн бардык жарандар акцияга катыша алышат. Акцияга катышуу үчүн республиканын бардык аймактарындагы "Бакай Банктын" филиалдарынан же сактык кассаларынан “Золотая Корона” системи аркылуу акча которууңуз же алууңуз шарт.

700 миң сом баш байгеден тышкары ар бир үч ай сайын: 4-июнда, 3-сентябрда жана 25-декабрда да байгелер берилип турат. Тактап айтканда, 4-июнда, 3-сентябрда, 25-декабрда да түрдүү белектер ойнотулуп турат.

Утушка коюлган белектер:

* Муздаткыч

* Кир жуучу машина

* Телевизор * Ноутбук

* Чаң соргуч

* Микротолкундуу меш

* Смартфон

* Чайнек

* Үтүк

* PowerBank

* Ичүүчү суу үчүн фильтр аппараты

* Дубалга илинүүчү саат.

"Белектер жылы" акциясынын баш байгеси - 700 миң сомдун жеңүүчүсү ушул жылдын 25-декабрында аныкталат.

Акцияга катышуунун шарттары:

* Катышуучу акция жүргүзүлгөн убакыт аралыгында "Золотая Корона" системи аркылуу рубль, сом, доллар жана евро валюталары менен акча которуп же алышы керек.

* Которуудагы ар бир 5 миң рубль/100доллар/евро суммасындагы акча үчүн 1 балл эсептелинет.

* Балл кошуу акция жүргүзүлгөн убакыт аралыгында улантыла берет.

* Акция жүргүзүлгөн айлар аралыгында эсептелген упайлар топтолуп, эң көп упай топтогон кардар жеңүүчү деп аныкталат.

3 ай сайын берилүүчү байгелердин жеңүүчүлөрү да, баш байгенин жеңүүчүсү да акча которуулардын негизинде топтогон упайынын суммасы менен аныкталат.

Акциянын негизги байгесинин жана 3 ай сайын аныкталган жеңүүчүлөрү тууралуу маалыматтар Банктын www.bakaibank.kg веб-сайтына жарыяланат. Мындан тышкары Банктын сайтында алардын сүрөттөрү менен утуштары тууралуу жазылат.

Банк акциянын жыйынтыгын жана жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи жөнүндө утуш ээлери аныкталгандан кийин 10 күн ичинде жарыялайт. Акциянын шарттары менен кененирээк "Бакай Банктын" расмий сайтынан же Банктын кеңселеринен толук маалымат алсаңыздар болот. Байланыш борбору - 6111.

"Бакай Банк" ААКсы - 19 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында Банктын 70 филиалы жана сактык кассалары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
benzema4
2018-06-08 20:21:44
Микротолкундуу меш))) повербанк кыргызчасы жок окшойт золотая корона "алтын таажы")))/бул албетте тамаша/
-2
monster_high_98
2018-06-09 10:48:24
чукуганга эле шайма шайсынар да тоба
-3
TalaCSKA
2018-06-09 13:22:12
Вообще адилетсиз акция экен акча коп которгон адамдын акчасына кошуп берет экен лучше лотерея сыяакту кылып койсо ар бир адамдын утушка мумкунчулугу болот эле.
+4
Azatbek.Svoboda.
2018-06-09 18:08:18
Бул жакта элдин баары ишеничтүү дешип акчаларын Айыл Банкка которушат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан