Бишкекте Ислам финансылык борбору ачылды

12-июнда Бишкекте көптөн бери күткөн окуя Ислам финансылык борборунун ачылышы болуп өттү. Ага 150дөн ашуун ишкерлер, кардарлар, журналисттер катышты. Бул борбор "Бакай Банктын" бөлүмү катары иш алып барат. Ал жарандарга ислам принциптери менен альтернативдүү каржылоо боюнча тейлөөлөрдү көрсөтөт.

Кыргыз өлкөсүндө мындай мекемени түзүү идеясынын жаралганына көп болду. Бирок керектүү мыйзамдардын даяр эместигинен улам каржылоонун ислам принциптерин орнотуу 2006-жылы гана башталганы айтылды. Ал эми бүгүнкү күндө Улуттук банк тарабынан бардык керектүү мыйзамдар базасы түзүлгөн.

“Бакай Банктын” Ислам финансылык борборунун директору Талант Керимбаевдин айтымында, жарандар унаа, батир, үй тиричилик техника сатып алуу үчүн бул борбордон каржылоо ала алат.

"Биз ишибизди Мурабаха сатуу бүтүмү боюнча иштөө менен баштайбыз. Мурабаха - бул кардардын билдирмеси боюнча алдын ала макулдашылган үстөк баада сатылып алынган товарды бөлүп төлөө шартында сатуу бүтүмү. Мурабаха эл ичинде чоң суроо-талапка ээ. Салттуу банкингге салыштырмалуу исламдык банкингде үстөк баа мөөнөткө гана жараша болот. Мисалы, бир айга үстөк баа тийиштүү көлөмдө, үч айга башкача, бир жылга башкача. Биздин тарифтер менен www.ifcenter.kg сайтынан тааныша аласыздар", - деди Керимбаев.

“Бакай Банктын” Ислам финансылык борборунун директору Талант Керимбаев

Ислам финансылык борборунда өлкөнүн ар бир жараны диний көз карашына карабай насыя ала алат. Шариаттын эл аралык стандарттарына ылайык, эч кандай чектөөлөр жок. Бир гана талап - кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгү.

"Биздин борбор Чүй проспекти, 111-А дарегинде жайгашкан. Биз аймактарда да борборлорду ачууну пландап жатабыз. Бирок азырынча бул каржылоо моделин шаарда текшерип көрүү зарыл", - деп кошумчалады Керимбаев.

Презентация аяктаган соң иш-чаранын жыйынтыгында орозо кармагандар үчүн ооз ачар уюштурулду. Келген коноктор да даам татышты.

Ислам финансылык борбору - Кыргыз Республикасындагы жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигиндеги "Бакай Банк" тарабынан түзүлгөн жана ислам принциптери менен финансылык тейлөөлөрдү көрсөткөн алгачкы жана жалгыз мекеме.

Байланыш номери: +996(312) 61 00 61, мобилдик номер: 6111.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
jbolotov
2018-06-12 17:00:37
Исламга жамынбагыла банк иштеткендер, Исламда акчадан пайда коруу ото чон куноо.
+8
erlan2196
2018-06-12 20:24:01
Сыртына "халал" деп жазып коюшуп, жыргап акча таап жатышат го. Биздикилер ушул сяяктуу исламдашкан создорду угуп алса эле сатып ала беришет.
+1
dastan.bujun
2018-06-13 13:31:34
Жакшы жанылыкэкен.Быйыл Бакай банк онугойлу деп чечкен го.
Жанылыктан тушпой калды
-1
nurbek56
2018-06-13 18:28:30
Атын эле улук кылып корсотушпосо финкадан банктан айрымасы жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан