Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун бир да таймашын өткөрүп жибербеңиз "Элдик S/M/L + TV" түркүмүнүн ичинен көңүлүңүзгө төп келгенин тандап алыңыз жана мобилдик телефонуңуздун экранынан футболдук беттешүүлөрдү көрүүдөн ырахат алыңыз.
"Элдик S/M/L + TV" топтомдорунун жаңы түркүмү - бул күндүзгү интернеттин абдан чоң көлөмү + түнкү ЧЕКТӨӨСҮЗ интернет жана түйүн ичиндеги жана түйүндөн тышкары мүнөттөр:
Маанилүү беттешүүнү өткөрүп жибердим же бүгүн сүйүктүү командам ойномок деп кам санабай эле койсоңуз болот. Кайсы жерде болсоңуз да футбол жаңылыктарынын борборунда болуп, жана дагы оюндарды онлайн түрүндө жана HD-сапатта көрө аласыз.
Мобилдик телеберүүнү көрүү учурунда интернет-трафик тарифтелбейт.
Акциянын алкагында кошумча бонус да каралган, тактап айтканда, түйүндөн тышкары мүнөттөрдү мобилдик 4G-интернетке АКЫСЫЗ алмаштырууга да болот. Бул үчүн *678*678*Y#чалуу USSD-буйруусун терүү, <678*Y> же <678#Y> тексти менен 678 номуруна SMS жөнөтүү жетиштүү. Бул жерде Y - түйүндөн тышкары мүнөттөрдүн саны (5 ке калдыксыз бөлүнө турган).
Алмаштыруу курсу: түйүндөн тышкары 5 мүнөт = 4G түйүнүндө 1 Гб.
Сунуш менен колдонуп калууга жетишиңиз – акциянын аракет мөөнөтү 2018-жылдын 10-июлуна чейин.
Жаңы топтомдор түркүмү тууралуу толугураак маалыматты megacom.kg расмий сайтынан көрүңүз.