"Бакай Банктын" Ислам каржылоо борборундагы жаңы өндүрүштөрү тууралуу Талант Керимбаев айтып берди

Ислам банкинги бүткүл дүйнө жүзүндө 1960-жылдардан тартып өнүгүп келе жатат. Акыркы 10-15 жылда каржы рыногунда бул тармак өтө тездик менен жайылып, өсүүдө. Ислам банкингинин борбору - Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү деп эл арасында ойлор калыптанып калганы менен, чынында анын борбору баалуу кагаздарды (Сукук) жайгаштыруунун саны боюнча да, акчанын көлөмү боюнча да - Лондон. Дал ушул шаардан дүйнөлүк эксперттер аккредитацияларды алышат.

Ал эми Кыргыз өлкөсүндө исламий терезени ачуу идеясы мындан бир нече жылдар мурун эле жаралган. Республикага каржылоонун ислам принциптерин киргизүү 2006-жылы башталган. Бирок бул боюнча мыйзамдардын иштелип бүтпөгөндүгү иш процессин кечеңдеткен. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан каржылоону ислам принциптери боюнча ишке ашыруунун мыйзам чыгаруучу базасы түзүлдү. Мындан тышкары Улуттук банк Бакай Банк ачык акционердик коомунун Ислам каржылоо борборуна банк кызматтарынын бардык тармактарын ислам принциптери менен ишке ашырууга расмий лицензия берген.

Кыргызстандыктарга кандай продукттар жеткиликтүү жана Бакай Банктын Ислам каржылоо борборунан кимдер каражат ала алат деген суроолорго борбордун директору Талант Керимбаев жооп берди.

- Талант Калдарович, Ислам каржылоо борбору деген эмне? Борбор тууралуу айтып берсеңиз.

- Ушул жылдын 11-июнда Ислам каржылоо борборунун расмий ачылышы болуп өттү. Биздин борбор Бакай Банк ААКсынын исламий терезеси деп эсептелинет. Мындай практика бүткүл дүйнөдө иштейт. Ислам каржылоо борбору калкка каржылоонун ислам принциптери менен кызмат көрсөтө алышы үчүн ачылган. Биз улуттук жөндөгүч болгон мекемеден бул кызматка лицензия алган КМШ аймагындагы биринчи коммерциялык банк болуп эсептелинебиз.

- Менин билишимче, бардык эле акчалар Ислам каржылоо борборуна колдонула бербейт. Ошондойбу?

- Ислам банктарынын жана борборлорунун бардык капиталдары Улуттук банктын талабы боюнча сөзсүз түрдө Шариат кеңешинен өтөт. Аталган кеңеш акчанын кайдан келгенин, кандай түрдө бир булактан экинчи булакка өткөнүн, бардык чынжырчаны изилдеп чыгат. Биздин кырдаалда Ислам каржылоо борборундагы акча - Бакай Банктын уставдык капиталы. Ал насыялардан да, текшерилбеген капиталдардан да куралган эмес, тактап айтканда, таза капитал.

- Ислам каржылоо борборунда сиздер калкка кандай продукттарды сунуштайсыздар?

- Бакай Банк ачык акционердик коомунун Ислам каржылоо борбору Улуттук банктан банк кызматтарынын бардык тармактарын ислам принциптери менен ишке ашырууга расмий лицензия алды. Эми биз ишти эң суроо талапты көп жараткан - бүтүмдөн (сделкадан) баштайлы деп жатабыз. Бул сатуу жана сатып алуу операциялары. Бул кандай ишке ашат десеңиз, кардар эмне сатып алыш керек экенин тандайт, ал эми Бакай Банктын Ислам каржылоо борбору аны ишке ашырат. Андан кийин сатып алынган мүлктү же буюмдарды кардарга бөлүп төлөө шарттары менен сатат.

Айта кетүүчү жагдай, бүтүмдүн объекти - кыймылсыз мүлк, унаадан тартып жөнөкөй эле кофе кайнатуучу жабдык да болушу мүмкүн. Банктын кызыкчылыгы - маржаны кардарга саткан буюмдун үстөк акчасына бөлүп салганында. Ошондой эле биздин борбордо Кыргызстанда алгачкы инвестициялык депозит - Мударабаны ачса болот. Депозиттер классикалык системдегидей эле шашылыш жана керек болгонго чейин болот. Кардар келип өзүнүн акчасын аныкталган бир убакытка салып, Ислам каржылоо борборунун пайда жана чыгымдарын кошо көрөт. Мындай учурда жарандын көргөн пайдасы борбордун көргөн пайдасы менен пропорциялуу. Пайданын канча пайызын кардар көрөт, ал анын депозитинин суммасы менен мөөнөтүнөн көз каранды.

- Мурабаха бүтүмү боюнча кошумча баанын көлөмү кантип аныкталат, ал эмнеден көз каранды?

- Тарифтик атайын тор бар, ал менен биздин www.bakai.kg сайтыбыздан таанышууга болот. Салттуу банкингден айырмаланып ислам банкингинде насыя деген түшүнүк жок. Банк болгону сатуудагы кошумча бааны кардар төлөй алчу мөөнөткө карата бөлүп салат. Башкача айтканда кардар 1 ай ичинде төлөп бүтөм десе, ага сатуудагы кошумча баа башка болот, бир жыл ичинде төлөйм десе башка баа болот. Бүтүмдү 5 жылга чейин жүргүзсө болот. Бардыгы жекече эсептелинет.

- Кардар бөлүп төлөөчү акчаны өз учурунда төлөбөсө туум төлөтүү системи барбы?

- Шариаттын стандарттары боюнча банктын кардарлардан алган туум акчасы бизде классикалык каржылык мекемелер сыяктуу пайдага алынбайт. Бирок биздин кардарлардын жоопкерчилиги үчүн Ислам каржылоо борбору Шариат кеңеши менен макулдашып, ар бир кечиктирилген күн үчүн белгилүү бир суммадагы акча алууну караган. Бирок туумдан түшкөн акчалар кардарлардын сунушуна ылайык, жалаң гана кайрымдуулук фонддорго, балдар үйлөрүнө которулат. Учурда биз дал ушундай социалдык объектилердин тизмесин түзүп жатабыз. Мындай ыкмада иштөө менен биз Шариат эрежелерин бузбайбыз, муну менен катар эле кардарлардын жоопкерчилигин жоготуп албайбыз.

- Ислам каржылоо борбору менен Мурабаха бүтүмүн ким түзө алат жана кимдер инвестициялык депозит ача алат?

- Кыргызстандын ар бир атуулу, диний көз карашына карабастан биз менен кызматташа алат. Шариаттын эл аралык стандарттарына ылайык, эч кандай чектөөлөр жок. Жалгыз талап - кардардын акчаны төлөө жөндөмдүүлүгү.

- Ислам банкингинин артыкчылыктары тууралуу айтып берсеңиз?

- Биринчиден, диний себептер менен буга чейин банктардан насыя албаган жашоочуларга биздин борбор жеткиликтүү болот. Диний көз карашынан улам насыя албай жүргөн калктын катмары калың эле. Экинчиден, каржылык артыкчылыктар бар. Ислам банктары финансылык структуранын экономиканын реалдуу секторун каржылаган категориясына кирет. Кардарлар эч коркпой эле депозитке акча сала берсе болот, анткени алардын акчалары максаттуу пайдаланылары боюнча кепилдиктер бар. Үчүнчүдөн, Ислам каржылоо борбору кардардын пайдасына да чыгашасына да катыша алат. Ошондой эле 2008-жылы дүйнөдө каржылык кризис орун алган. Ошол учурда бир дагы Ислам банкы зыянга учурабаганын батыштык эксперттер да айтып келишет. Бул, албетте, ушул структуранын туруктуулугунан кабар берет.

- Ислам каржылоо борбору кайсы жерде жайгашкан жана аймактарда жашоочулар өздөрү жашаган райондордон эле каражаттарды ала алабы?

- Кеңеш алуу, каражат алуу же инвестицияалык депозит ачуу боюнча биздин борборго кайрылышса болот. Биздин борбор Чүй кең көчөсү №111А дарегинде жайгашкан. Биз келечекте борбордун филиалдарын кеңейтүүнү пландап жатабыз. Бирок азырынча сыноо үчүн баш калаада иштейбиз.

- Бүгүнкү күндө Ислам каржылоо борбору каржылоонун ислам шарттары боюнча айрым гана кызматтарын көрсөтүүдө, дагы кошумча кызматтар ачылабы?

- Бул банктык буюмдун жардамы менен ар бир жаран биздин борбор аркылуу өзүнүн бизнесинин аманатчысы боло алат. Ошол эле учурда Ислам каржылоо борбору эмне үчүн пайыздык акча алып жатканына көзөмөл кылган агент катары да иштейт. Муну менен биз өлкөдөгү бизнестердин айрымдарын "караңгылыктан" алып чыкса болот деп эсептейбиз, анткени биз өтө ачык иш алып барабыз жана ар кандай шек жараткан долбоорлорго катыша албайбыз. Ошондой эле инвестициялык эсептер пайда болот. Бара-бара ипотека боюнча өзүнчө продукт иштелип чыгат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан