Баарлашуу үчүн колдонулган WhatsApp тиркемесин билсеңиз керек. Аны дагы кандай максатта колдоносуз? WhatsApp аркылуу англис тилин үйрөнүү мүмкүн экенин билчү белеңиз? Бүгүнкү макалабызда дал ушул нерселер тууралуу сөз болмокчу.
- Саламатсызбы? Өзүңүздөр тууралуу айтып кетсеңиздер.
- Саламатчылык. Командада 3 кишибиз: Максат агай, Акылбек агай жана мен. Менин атым Чыңгыз, долбоордун менеджери болом.
- WhatsApp аркылуу англис тилин үйрөтүү долбоорун баштоого эмне түрткү болду?
- Бизде WhatsApp тиркемесин өлкөнүн алыскы аймактарында дагы колдонуп келишет. Негизги максатыбыз - ар бир кыргыз мекендешибизге англис тилин америкалыктардан айырмасы жоктой сүйлөөнү үйрөтүү. Башка курстардан айырмабыз кайсы жерде болбоңуз, WhatsApp тиркемеңиз эле болсо, англис тили сиз менен, көчөдөбү, пикниктеби, саякатта жүрөсүзбү, айырмасы жок. Өтүлгөн сабак сиздин телефонуңузда сакталат. Атайын курска барып келүү үчүн убакыт коротпойсуз. Тил үйрөтүү борбору жок болсо да, биз менен үйрөнө аласыз. Анан арзан. Негизги айырмабыз, өзгөчөлүгүбүз - “Америка акценти” деген сабагыбыз бар. Тамга, тыбыш кандай, кайсы жерден айтылат, артикуляторлор кандай колдонулат, мына ошолорду үйрөтөбүз.
Англис тили - бул баарыбыз билгендей эле дүйнөлүк тил. Биз ар бир мекендешибизге англис тилин үйрөтүү менен бир аз жол ачсак, калган көп нерселерди алар өздөрү үйрөнүп аларына ишенебиз. Бир мисал: Индияны карап көрсөк, жарандары бир гана англис тилин сүйлөй алганы үчүн дүйнөлүк рынокко чыга алышат. Программисттер болобу, медикпи же жөн эле өзү билген нерсени интернетте бөлүшкүсү келген адам болобу англис тилин эле билсе дүйнө менен иштеше алат. Азыркы учурда англис тилин билген мекендештерибиз дүйнөлүк деңгээлде соода кылып келет. Мисалы, Кыргыз өлкөсүндө туруп, Амазон деген чоң сайт аркылуу товар сатышат же чоң компанияларга программа жасаган балдарды кезиктирүүгө болот. Булардын баары тилди билбегенде мындай ийгиликтерди багынта алмак эмес.
- Жетишкендиктериңиздер тууралуу да айтып берсеңиз.
- Акырындап кыр ашып келе жатабыз. WhatsApp аркылуу англис тилин үйрөнүүгө Кыргыз өлкөсүндөгү эле жарандар эмес, чет өлкөгө чыгып, англис тилинен кыйналган мекендештерибиз дагы катталган. Мисалга алсак, Орусия, Дубай, Кытай, Америка, Түркия, Польша, Корея жана башка мамлекеттердеги Кыргыз мекендештер катталып окушат. Орусиядан бизге жазылып окуган Асел аттуу айым азыр Орусиядагы Кыргыз мекендештердин балдарына сабак өтүүдө. Биздин сабактарга катышкан дагы бир окуучубуз: “Мурда америкалыктар англисче сүйлөсө түшүнчү эмесмин, сиздерден акцент боюнча сабак алган соң АКШ президенти Трамптын сүйлөгөндөрүн угуп, түшүнө баштадым”, - деп ою менен бөлүшүп кетти. Булар биз үчүн чоң жетишкендик десек болот.
- Мугалимдер жөнүндө да айта кетсеңиз.
- Максат жана Акылбек агайлар - Америкада окуп келген, англис тилин мыкты билген, ишин чындап сүйгөн тажрыйбалуу, кесипкөй мугалимдер. Дүйнөгө таанымал ишканалардын жетекчилерине сабак өткөн. Атап айтсак, Лукойл, Газпром, Яндекс, Рамблер жана башка ишканалардын өкүлдөрү сабак алышкан.
- Сиздерге каалоочулар кантип катталса болот?
Бизге катталып окууну каалагандар WhatsApp аркылуу байланышканда ( 0770 521 321 ) онлайн тест менен алгач деңгээлин аныктайбыз. Андан кийин бизге окутуу акысын алдын ала төлөйт, андан соң биз ылайыктуу топко кошобуз. Видео-аудио сабактар, көнүгүү жана тапшырмалар жумасына 5 күн жиберилет. Үйрөнүүчүлөр 24 сааттын ичинде өздөрүнө ыңгайлуу учурда сабакты карап чыгып, түшүнбөгөн жерин сурай алат.
- Маегиңиз үчүн рахмат.