Клубдар арасындагы чемпиондук: "Манчестер Сити" оюндан четтетилди

Англиянын "Манчестер Сити" футбол клубу клубдар арасындагы дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалында Сауд Арабиясынын "Аль-Хиляль" командасына 3:4 эсебинде жеңилип, турнирден четтетилди. Бул тууралуу ФИФА кабарлады.

Маалыматка ылайык, чейрек финалга чыгуу үчүн болгон беттеш Орландо шаарындагы "Кэмпинг Уорлд" стадионунда өтүп, негизги убакытта тең чыгышкан командалар кошумча таймда күч сынашты.

Оюндун жүрүшү:

  • 9-мүнөттө Бернарду Силва эсепти ачып, "Сити" 1:0 алдыга чыкты.
  • Экинчи тайм башталганда (46-мүнөттө) Маркос Леонардо эсепти теңеди - 1:1.
  • 52-мүнөттө Малком "Аль-Хиляльды" алдыга чыгарды - 2:1.
  • 55-мүнөттө Эрлинг Холанд эсепти кайра теңеди - 2:2.

Негизги 90 мүнөт 2:2 эсебинде аяктап, оюн кошумча убакытка узартылды.

Кошумча таймда:

  • 94-мүнөттө Калиду Кулибали баш менен гол киргизип, "Аль-Хиляль" 3:2 кылды.
  • 105-мүнөттө Фил Фоден жооп кайтарып, теңдеди 3:3.
  • 113-мүнөттө Маркос Леонардо чечүүчү голду киргизип, оюнду жыйынтыктады - 4:3.

Бул оюн менен "Манчестер Сити" турнирден чыгып калды, ал эми "Аль-Хиляль" кийинки этапта бразилиялык "Флуминенсе" менен ойнойт.

Маалымат үчүн: Бул жылы клубдар арасындагы дүйнө чемпиондугуна биринчи жолу 32 команда катышууда. Турнир АКШда 15-июндан 14-июлга чейин өтөт жана байге фонду 1 миллиард долларды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан