О! Мобилдик оператору менен байланыш үчүн 9 АКЫСЫЗ канал

О! Мобилдик оператору өз кардарлары үчүн күнү-түнү байланышта. Консультанттар менен баарлашуу процессин ылдамдатуу үчүн компанияда акысыз маалыматтык-сурап билүү кызматынан башка кошумча коммуникациянын альтернативдүү каналдары ишке киргизилип жатат.

"О! түйүнүнүн абоненттеринин саны жыл өткөн сайын көбөйүп жаткандыгын эске алуу менен, алгачкы "уюлчулардан" болгон. О! Мобилдик оператору биздин маалыматтык-сурап билүү кызматы менен бирге кошумча тогуз акысыз байланыш кызматын ишке киргизди. Эң маанилүүсү – булар КҮНҮ-ТҮНҮ иштейт! Ар кимдин суроолору ар башка – ошондуктан биздин консультанттар ар бирине жеке мамиле жасаганга аракет кылышат: бирөөнө керектүү тариф менен кызматты тандоосуна жардам беришет, бирөөнө мобилдик интернетти ырастаганга көмөк көрсөтүшөт. Эң башкысы – биздин операторлордун чоң жана ынтымактуу командасынын ичинде кызматтык атмосфера өкүм сүрөт, биздин балдар зымдын тигил учундагы адамга чын ниетинен жардам берүүгө ынтызар, ошондуктан алар ар дайым окуп билим алышат жана өз кесипкөйлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүп келишет", - деп белгилейт О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.

Биз көптөн бери жашообузду социалдык тармактарсыз жана мессенжерлерсиз элестете албай калдык. Ал жерде баарлашуу турмуштун көнүмүш жана бөлүнгүс бөлүгү болуп калды - бул чындыгында эле ыңгайлуу жана тез. Сиз каалаган ыңгайлуу ыкмаңыз аркылуу компаниянын операторлору менен байланыша аласыз жана 24/7 форматында кийинки байланыш каналдары боюнча бир нече мүнөттөрдүн ичинде өз маселеңизди чечип алсаңыз болот:

  • Болгону Instagram, Facebook, "ВКонтакте" тармактарындагы биздин расмий баракчаларыбызды табыңыз да, өз маселеңиз боюнча жеке билдирүү жазыңыз. "Жакты" белгисин койсоңуз эч нерсе көз жаздымыңызда калбайт, керек учурда биз ар дайым жаныңызда болобуз. Бүгүнкү күндө биз менен 250 миң колдонуучу бар. Мобилдик байланыш тармагындагы актуалдуу жаңылыктардан жана конкурстардан башка биздин окурмандар бул аянтчалардан өз суроолорун берүү мүмкүнчүлүктөрүнө да ээ болушат.

Социалдык медиадан тышкары О! түйүнүнүн кардарларында сутканын кайсы учуру болбосун мобилдик консультация алуу мүмкүнчүлүгү бар. О! абоненттерин эң популярдуу мессенжерлерде күнү-түнү колдоо жеткиликтүү:

  • WhatsApp: +996 705 070 700
  • Telegram: @Nurtelecom_bot
  • Viber: О! Мобилдик операторуна жазылуу үчүн http://chats.viber.com/okgmobile шилтемесине кириңиз.

Сиз ошондой эле смартфонуңузга "Менин О!" мобилдик тиркемесин жүктөп алсаңыз болот жана "жеке жардамчыңыз" ар дайым кол алдыңызда жүрөт. Ичинде кызматтарды кошуу жана тарифтерди алмаштыруу үчүн жылдызчалар жана торчолору менен миңдеген буйрутмалар бар, эч нерсени эстеп калуунун кереги жок. Бардык операциялар жөнөкөй жана ыңгайлуу тиркемеде! Эч жакка чалуунун жана линияда кезек күтүүнүн кереги жок. Баса, тиркемеде өз e-mail-дарегиңизди тастыктаганыңызда сизди акысыз 1 ГБ интернет-трафик күтөт.

Мындан тышкары төмөнкү кызматтарыбыз бар:

  • www.o.kg расмий сайтында онлайн-консультант. Сайтка киргенде, төмөнкү оң жактагы бурчунда терезе көрөсүз, ал жерден дагы күнү-түнү байланыш, түрдүү кызматтардын ырастоолору, ошондой эле тарифтер тууралуу кызыккан суроолорду бере аласыздар;
  • 708 номерине SMS аркылуу сурооңузду узатып тез жооп алуу мүмкүнчүлүгү.

Эң кызыктуу нерселерден кабардар болуңуздар – О! Мобилдик операторунун баракчаларына жазылыңыздар. Бизге жазыңыздар, биз сиздерге кубануу менен жардам беребиз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
monster_high_98
2018-06-18 11:56:31
Аксы районунун Уч-Коргон (Кызыл-Жар)айылында ошка почти иштебей койдуго 3G
0
Okgmobile
2018-06-18 12:15:57
monster_high_98,
Кутмандуу күнүңүз менен. Кайда жайгашкандыгыңызды жана жабдуудагы номерди бизге жеке жазып койууңузду суранабыз. Деталдуу диагностика жүргүзүп, Сизге кайра байланышууга чыгууга даярбыз.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
0
bakytkg007
2018-06-18 15:11:03
Менин сунушум вайфай таркат деген кызматынар тура эмес ар ким озу сатып алган мегабайтын калагандай иштететда ага да кушумча кызмат кылып салыпсынар бунунар туура эмесда. ушул кызматты жок дегенде безлимиттен башкасына жеткиликтуу кылып койгулачы сураныч
+1
Okgmobile
2018-06-18 17:57:41
bakytkg007, cаламатсызбы. Сунушунузга рахмат!

"Интернет тарат" кызматынын максаты – интернет-трафикти адилеттүү колдонуу саясатына ылайык, Компаниянын бардык абоненттери үчүн интернетти максималдуу түрдө жайлуу пайдаланууга берүү болуп саналат. Башкача айтканда, смартфондор үчүн тарифтерди колдонгон абоненттерге дагы, биздин түзүлүштөрдөн пайдалануучуларга дагы интернет менен жайлуу пайдаланууга шарт түзүлөт.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
0
bakytkg007
2018-06-19 15:53:43
Okgmobile,эгер сиз айткандай адилеттуу боло турган болсо ар ким озу сатып алган мегабайтын озу калагандай колдонушу керек. Бул интернет таркат кызматын без лимит тарифтерге койсонор анда соз жок эле силер бардыга койуп салдынарго озгортуу киргизиниздер сураныч.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан