Вашингтондогу Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт Франциянын президенти Эммануэль Макронду премьер-министр деп атады. Бул тууралуу ал Макрондун АКШ лидери Дональд Трамптын соода тарифтерин сынга алганы тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди.
"Менин оюмча, президент жана Ак үй премьер-министр Макрондун мындай мүнөздөмөсүн четке кагат... Тарифтер - бул Америка экономикасынын негизи болгон орто классты, биздин өндүрүштү кайтаруу үчүн пайдалануу.", - деди ал. журналисттер үчүн кезектеги брифингде.
Буга чейин Макрон Трамптын тариф саясатын шантаждын бир түрү деп атаган.