SUPER.KG порталы бул ирет япон ашканасына баш багып, борбор шаардын тургундарынан "Бишкекте эң даамдуу суши, роллдор кайсы жерде жасалат?" деген сурамжылоо жүргүздү. Анын жыйынтыгынын негизинде даамы менен тамшанткан суши, роллдорду даярдоочу 10 жай иргелип алынды.
1. "Freshbox Sushi", Исанов көчөсү;
2. "Korean House", Юнусалиев-Карл Маркс көчөлөрүнүн кесилиши;
3. "My sushi", Чыңгыз Айтматов кең көчөсү;
4. "Sushi House", Малдыбаев көчөсү;
5. "Две палочки", Ахунбаев көчөсү;
6. "Империя суши", Юнусалиев көчөсү;
7. "Морской конёк", Юнусалиев-Субанбердиев көчөлөрүнүн кесилиши;
8. "Суши Вёсла", Манас кең көчөсү менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилиши;
9. "Суши WOK", 11-кичи району;
10. "Три самурая", Киев көчөсү;
Урматтуу окурман, ушул ондукка суурулуп чыккан суши, роллдор жасалуучу жайлардын ичинен эң мыктысына добуш берүү тандоосу сиздин колуңузда.
Сурамжылоо бир аптага созулат жана 2-июлда жыйынтыкталат.