Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте отчёт берип жатып, тышкы карыздан кутулуу үчүн атайын эсеп ачыла турганын билдирген. SUPER.KG порталынын тышкы карызды төлөө үчүн элден акча чогултуу туурабы деген соболуна экс-депутат Өмүрбек Абдырахмановдун пикири төмөнкүдөй болду.
Экс-депутат элден акча чогултуу абийирге каршы келет, өлкөдө кандайдыр бир оор абал жаралса, анда акча чогултса болот деген пикирде.
"Атайын эсеп ачып элден акча чогултуу адептүүлүккө жатпайт. Өздөрү бардык жерде, мектептен тартып сотторго чейин коррупциялаштырып, салыктан түшкөн акчанын баарын уурдап, анан кайра элден чогултуусу абийирге туура келбейт. Эгер өлкөдө кризис болуп же кандайдыр бир оор абал жаралса, анда элден чогултса болот. Ошондуктан мен бул нерсени колдой албайм. Бийликке жагынам дегендер которо беришет", - деди Абдырахманов.
Жарандык активист Акбалык Жумалиева, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев, депутаттар Максат Сабиров, Бактыбек Райымкулов, Карамат Орозованын жообу бул шилтемеде.