Саясатчы Адахан Мадумаров: "Жаңы бийликтин кылмышы эски бийликтикинен көбүрөөк болушу мүмкүн"

SUPER.KG порталынын "Бийлик элди саясий куугунтук эмес, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатканына кантип ишендире алат?" деген соболуна "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров жооп берди.

Ал учурдагы камоолорду мыйзамдуулукту сактоо үчүн күрөш деп баалоого болбой турганын айтты.

"Соңку бир нече жылдан бери элдин бийликке болгон ишеними жокко эсе болуп калды. Элдин ыдырап баратканынын бирден-бир белгиси элдин сотко, Жогорку Кеңешке, өкмөткө, президентке ишеним көрсөтпөй жатканында. Жадакалса азыр муфтиятка да ишеним көрсөтпөй калышты. Бүгүнкү күндө түзүлгөн кырдаал өтө коркунучтуу.

Тилекке каршы, соңку 6 жылдык Атамбаевдин мезгилинде коррупцияга каршы катуу күрөшүп жатабыз деген ураан астында келишкен. Жарым жылдан бери коррупцияга каршы күрөшөбүз деп кыйкырып жаткандардын өздөрү коррупцияга белчесинен батып калганын көрүп жатабыз. Кеп кимди камап жатканында эмес, кеп эмне үчүн камап жатканында. Азыр четинен аткаминерлерди алып барып камап койсоң эч жаңылбайсың. Бирок маселе анда эмес.

Камап жаткандар кимдер? Камалып жаткандардан эмне айырмасы бар? Бир эле айырма бар. Камалып жаткандар кечээ бийликте эле, камап жаткандар болсо бийликте эмес болчу. Бирок экөөнүн айырмасы барбы? Жок! Экөөнүн кылмышы бирдейби? Албетте, бирдей. Мүмкүн жаңы бийликтики көбүрөөк болушу мүмкүн. Азыр маселе коррупцияга каршы күрөш жөнүндө болуп жаткан жок. Бүгүн "Мына мен бийликке келдим, менин айтканым болот, ким мага жакпаса, аны камайм" деген саясат жүрүүдө. Бизде мыйзамдуулукту орнотуу үчүн күрөш болуп жаткан жок. “Эми менин кишилерим келди. Сенин кишилериң менен эсептешет" деген көрүнүш болуп жатат. Ишенимди кайтаруу үчүн алкымы таза, ою таза, кесипкөй азаматтардан элдик өкмөттү кураш керек. Кечээ Атамбаевдин өкмөтү, бүгүн Жээнбековдун өкмөтү эмес, кыргыз элинин өкмөтү дегенди пайда кылуу зарыл. Башка жол жок. Азыр бийликтен эл нан сурабай жатат. Адилеттүүлүктү гана талап кылууда", - деди Мадумаров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Тазабек Икрамов, Ирина Карамушкина, Зарылбек Рысалиев, Анвар Артыков жана саясий ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан