"Бакай Банктын" Ислам каржылоо борбору "Мудараба" кирешелүү депозитин сунуштайт

"Бакай Банктын" Ислам каржылоо борбору физикалык жана юридикалык жактарга каржылоонун жаңы, толук кандуу түрүн сунуштайт. Аталган каржы борбору шариаттын эрежелерине ылайык альтернативдүү каржы кызматтарын көрсөтөт. Алардын бири актуалдуу, функционалдуу делинген "Мудараба" кызматы. Бул кызмат аркылуу сиз акчаңызды сактоого кепилдик гана албастан ай сайын пайда дагы көрөсүз. Башкача айтканда, сиздин акчаңыз көбөйө берет.

"Мудараба" - кардардын Ислам каржылоо борборуна ишеним артып берген аманат акчасы. Ал эми бул борбор кардарлардын акчасын жөн гана сактап койбостон аны инвестициялык долбоорлорго жумшайт. Ошондой эле андан түшкөн киреше келишимдин негизинде тараптарга бөлүштүрүлөт.

Аманат салуунун шарттары:

  • Аманат акчанын кирешеси ай сайын же келишим бүткөндө берилет;
  • Депозит сом же АКШ доллары түрүндө ачылат;
  • Аманат акча эң аз дегенде 5 миң сом же 100 доллар болушу шарт;
  • Аманат акчаны сактоо мөөнөтү: 1, 3, 6, 9, 12, 18 же 24 айга чейин;
  • Аманат акчаны толуктоо: каралган эмес;
  • Аманат акчадан керек учурунда алуу каралган эмес.

Аманат акчаны банкта сактоонун артыкчылыктары:

  • Акча каражатын ишенимдүү түрдө сактоо жана шариат уруксат берген жол менен инвестиция кылуу;
  • Инвестициядан түшкөн киреше ай сайын аманат акчага кошулуп турат;
  • Ыкчам жана акысыз түрдө эсеп ачуу;
  • 2008-жылдын 7-майында кабыл алынган Банктык эсептерди сактоо мыйзамына ылайык аманат акчалар тийиштүү деңгээлде камсыздандырылган.

Банк менен аманатчы инвестициядан түшкөн пайданы кантип бөлүштүрүп алат?


Ислам каржы борбору - "Бакай Банк" тарабынан ачылып, ислам эрежелерине ылайык каржы кызматын көрсөткөн Кыргыз жергесиндеги жана КМШ өлкөлөрүндөгү алгачкы, жападан жалгыз кызмат.
Сурап-билүү:

Дареги: Бишкек шаары, Чүй кең көчөсү 111а.

Байланыш борбору: +996 (312) 610 061. Уюлдук номер: 6111


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
altyn7776
2018-06-25 14:43:32
эмне болгон инвестиция? Ошол эле процент
+2
Cleo-13
2018-06-25 15:47:00
Тушунбодум
+1
altyn7776
2018-06-25 17:48:12
Экоисламикбанкта иштегем, ислам шарияттарына ылайык акча жугуртобуз деп коюшуп, эч нерсени коргозбошчу. Акча кайда жумшалат, кантип иштейт, сыр болчу. Сыр болгондон кийин ошол эле процент да, жолу корсотулбогондон кийин ошол эле кызыл кулактык.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан