MDC Prime Lite, MDC Optima жана башка тренддеги смартфондор MDC Mobile компаниясынан баарыңыздарга жеткиликтүү

Смартфон - адамдын трендде да болуп ошол эле учурда байланышта боло алган ишенимдүү шериги. MDC Mobile компаниясы ар бир адам алдыңкы технология, тиркеме, социалдык тармак жана башка мүмкүнчүлүктөргө ээ боло алышы үчүн смартфондорду максималдуу түрдө жеткиликтүү кылууда. MDC Mobile алдыңкы технологияны ар бир адамга, бардык жерде жеткиликтүү кылуу менен жайлуу жашоону түзүүгө аракеттенүүдө.

MDC Mobile'дын багыты көп жылдык философия, миссия жана компаниянын баалуулуктарына арналган. Кыргыз өлкөсүнүн рыногуна чыгып жатып компания сиздердин күнүмдүк жашооңуздарга пайдалана турган мобилдик тейлөө жана смартфондорго бирдиктүү кызматтарды, технология жана инновацияны сунуштаганына кубанычта.

MDC Mobile компаниясынын баалуулуктары - бардык жерде көрүнүп турат. Жасаган иштер:

Ишеним

Биз эң алдыңкы технологияларды алып келип, алардын баасын ар бир адамга жеткиликтүү кылуу менен Кыргыз мамлекетиндеги жана бүтүндөй дүйнөдөгү кардарларыбыздын ишенимине кирүүнү улантабыз.

Калыстык

Биздин ар бир девайс - суроо-талап өтө жогору болуп жаткан, дыкат текшерүүдөн өткөн продукт. Алдыны көрө билүү менен биз келечекте адамдардын күнүмдүк турмушун мындан дагы жеңилдете ала турган технологияларды кардарларга сунуштоого аракеттенебиз.

Жеткиликтүүлүк

MDC Mobile компаниясы ар бир смартфондун баасы кардарга жеткиликтүү болушунун үстүнөн кызуу иш алып барат. Биздин башкалардан айырмаланган артыкчылыгыбыз да ушунда. Биз технологияны жакындатабыз.

MDC Mobile'дын продукциялары толук ассортиментте Кыргыз өлкөсүнүн рыногуна расмий түрдө алынып келди. Бүгүндөн баштап сиз сапаттуу, көп функциялуу, эң кубаттуу, башкысы көп убакытка чейин сизге кызмат кылган девайстын ээси боло аласыз.

Сматрфондордун үлгүлөрү

Компаниянын мыкты делген 4 түрдүү үлгүдөгү смартфондордун ар бири кыргызстандык керектөөчүлөрдү функциясы, дизайны анан, албетте, баасы менен таң калтырат.

MDC Grand - экраны 18.9, дисплейинин диагоналы 5.5 дюйм болгон, мыкты техникалык курамы менен эң жеткиликтүү смартфон. Смартфондун "жүрөгү" төрт ядерлүү, кубаттуу MTK6580 процессору, 2 ГБ оперативдүү эс тутуму жана 16 ГБ болгон microSD эс тутуму. Кутудагы телефонго жаңы Android 7.0. орнотулган. Смартфондун камералары адаттагыдай эле экөө: бет маңдайкы камера, ал 3 МП болсо, негизги камерасы 8 МП.

MDC Prime Lite смартфону

Бул смартфондун диагоналы 5.2 дюймду түзүп, жаңы Android 7.0 менен иштеген, мыкты техникалык курамы жана рамасыз дисплейлүү смартфон. Төрт ядерлүү кубаттуу MediaTek MT6737 процессорлуу, 2 ГБ оперативдүү эс тутуму каалаган оюн, тиркемени алууга мүмкүнчүлүк берет. Негизги камерасы 2 катар болуп тургандыктан аны тартууда бир нече режимге тууралап алууга мүмкүндүк бар.

MDC Optima смартфону

– дароо көзгө уруна турган, диагоналы 5.7-дюйм болгон IPS-дисплейлүү смартфон. Анын кырлары ийилип тургандыктан кармап жүрүүгө абдан ыңгайлуу. HD-дисплей MTK6737 кубаттуу процессору менен биргеликте каалаган оюн же Google Play'ден каалаган тиркемени көчүрүп, ырахаттанууга мүмкүндүк берет. Смартфондо 2 камера иштейт, алдыңкы - 5.0 МП, негизги камера - 13 МП.

MDC Nova смартфону

– 5.7 дюйм болгон IPS-дисплейлүү девайс, Android 7.0 базасында, кубаттуу ички түзүмү менен иштейт. Смартфондун жүрөгү - MTK6580P процессору, 1 ГБ оперативдүү эс тутум, ошондой эле 2500 мАч болгон аккумулятор. Смартфондо 2 камера иштейт, алдыңкы - 5.0 МП, негизги камера - 8 МП.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Chungyz
2018-06-27 09:59:05
Сонун акчасын жазып койбопсунар
0
Sardarakam
2018-06-27 10:55:20
Сотовый телефон MDC Prime Lite черный

6310 сом
0
TalaCSKA
2018-06-27 12:41:27
Аккумулятордун кубаттуулугун жана Бишкектеги баасын толук жазып кеткилечи сураныч.
-1
NeRiNa
2018-06-27 13:22:07
Оптом баасы кандай? Ким менен байланышсак болот?
0
Sardarakam
2018-06-28 09:31:31
MDC смарфондорун Өзбекстанда Artel
Компаниясы иштеп чыгарат бул смартфондор
UzTE смарфондору менен бирдей эле. Бирок арзан интернетке колдонсо ынгайлуу жакшы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан