Жогорку Кеңеш ушул аптанын аягында жайкы эс алууга кетет. Парламенттин эртеңки, 27-июндагы жыйынына президент Сооронбай Жээнбеков катыша турганы белгилүү болду. Өлкө башчынын парламенттин жыйынына катышуусу саясаттагы негизги окуялардын бири.
Ошол себептен жаралган SUPER.KG порталынын "Президент парламент жыйынында кандай маселелерге токтолушу керек деп ойлойсуз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин пикири.
Ал өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кайсы 3 маселени козгосо, парламенттеги билдирүүсү өз максатына жетерин айтты. "Президенттин парламент менен чогуу иштешүүгө ниетин, парламентке болгон сый-урматын көрүп жатабыз. Анткени ал кызматка киришүү аземинде парламентаризмди өнүктүрөбүз деп айткан.
Мен ойлойм, азыр президент көтөрчү маселелердин негизгиси - бул коррупция. Себеби буга чейинки көп чоң суммадагы насыя алган долбоорлордо көп мыйзам бузуулар чыгып жатат. Экинчи маселе - бул аймактарды өнүктүрүү. Анткени өлкө башчы 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган, бирок өкмөт иш жүзүндө иш аткарбай жатат.
Үчүнчү маселе - бул экономика. Биз кичи жана орто бизнеске чоң түрткү бере алсак, чоң кыймыл башталат. Муну менен элди мобилизациялайт элек, жумуш орундар түзүлөт. Коомдо орто класс көп болсо, жарандык коомчулук активдүү болот, алар өкмөттү парламентти көзөмөлдөй алат", - деди Нурбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакбаев, Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Токон Мамытов, КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева жана жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири бул шилтемеде.