2010-жылы 27-июнь күнү Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу үчүн элдик референдум өткөрүлгөн. Азыркы учурда тергөө абагында жаткан "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев башында турган Конституциялык кеңешме тарабынан иштелип чыккан жаңы конституция "2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт" деген жобо менен кабыл алынган. Баш мыйзам 9 бөлүктөн, 114 беренеден турат. 2010-жылдын 10-октябрында парламенттик шайлоо өтүп, Кыргыз мамлекети Орто Азиядагы жалгыз парламенттик өлкө болуп калган. Андан кийин 2016-жылдын 11-декабрында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөн.
Маалымат үчүн:
* Эгемендүү Кыргыз мамлекетинин биринчи Баш мыйзамы 1993-жылы 5-майда 350 депутаттан турган "легендарлуу парламент" тарабынан кабыл алынган.
*Президент Аскар Акаевдин жарлыгы менен 1994-жылдын 22-октябрында референдум өткөрүлүп, Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилген. Жыйынтыгында Кыргыз өлкөсүндө 2 палаталуу Жогорку Кеңеш түзүлүп, өлкө башчысынын ыйгарым укуктары кеңейтилген.
*1996-жылы 10-февралда өлкөдө Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн референдум өткөрүлүп, негизги өзгөртүү - жер тилкелерин менчиктештирүүгө уруксат берүү болгон.
* 1998-жылы 17-октябрда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында өткөрүлгөн референдумда Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны өзгөртүлүп, эл өкүлдөрүнө 45 мандат бөлүнүп, мыйзам чыгаруучу палатанын депутаттарына 60 мандат берилген.
* Кезектеги референдум 2003-жылы 5-февралда өтүп, анда президент өкмөт мүчөлөрүн премьер-министрдин сунушу менен, БШКнын мүчөлөрүн Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындай баштаган. Муну менен катар өлкө башчысына президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин "экс-президент" статусу, ошондой эле кол тийбестик укугу берилери кошумчаланган.
* 2005-жылы 6-октябрда президент Курманбек Бакиевдин "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жарлыгына ылайык, 2006-жылдын ноябрь жана декабрь айларында Баш мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Кийинчерээк аларды Конституциялык сот жокко чыгарган.
* 2005-жылдын сентябрь айында Конституциянын жаңы долбоору жалпы элдик талкууга коюлган. 22-октябрда жалпы элдик референдум Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоорун жактырган.
* 2007-жылдын 16-декабрында президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен 90 депутаттан турган жаңы парламент шайланган.
* 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн тушунда бүгүнкү Конституция кабыл алынган.
27-июнга карата жылнаама.