Сооронбай Жээнбековду жактап келген коомдук активист президенттин кечээги кайрылуусун кескин сынга алды

Сооронбай Жээнбековду жактап келген коомдук активист Даниел Кадырбеков президенттин кечээги кайрылуусун кескин сынга алды. Бул тууралуу ал социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.

"Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүү, реформа жана башка бла-бла-бла тууралуу канча каалаганча сүйлөй берсин. Бирок иш жүзүндө Муратбек Тунгышбаевдин мисалында мунун баары сөз эле экенин далилдеди. Ал тышкы саясатта чет мамлекеттин буйругун аткарып, саясий качкынды экстрадициялады. Ички саясатта деле иш ушундай. Президенттин көзөмөлүндө болгон тармактарды реформалоо иши боюнча грамм дагы реалдуу чара жок. Каалаганын чын көргөн сөздөр гана. Кезектеги "совок" (ред. Советтер союзунун адамы деген маанини берген жаргондук сөз) өлкөнүн мүмкүнчүлүгүн 6 жылга курутат", - дейт Кадырбеков.

Эске салсак, Муратбек Тунгышбаев Кыргыз жерине 2012-жылы келип Бириккен улуттар уюмунун өлкөдөгү качкындар боюнча агенттигине качкын макамын алуу үчүн кайрылган. Казак бийлиги Тунгышбаев качкын оппозиционер Мухтар Аблязовду колдоорун, Кыргыз бийлигинен аны экстрадициялоону суранган. Активист ушул жылдын 10-майында Кыргыз жеринде кармалган. 25-июнь күнү Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо чечимин колдогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан