Шашылгыла, "Бакай Банктын" насыялык коюмдарды төмөндөтүү боюнча акциянын бүтөрүнө 2 ай калды

"Бакай Банк" өзгөчө акцияны баштап, бизнес жана айыл чарба үчүн насыя боюнча улуттук валютадагы пайыздык коюмдарды 4 пайызга төмөндөттү. Бул пайдалуу сунуштун иштөө мөөнөтү: 2018-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин.

Коммерциялык насыялар боюнча орточо пайыздык коюмдар:

- Кыргыз валютасында (сом) - 16-24 пайыз;

Насыялар 5 жылга чейинки мөөнөткө берилет.

Жайкы мезгилге жаңы пайыздык коюмдар:

Бизнес насыялары (коммерциялык жана айыл чарба үчүн)

150 000ге чейин - 22 пайыздан баштап

150 001ден 500 000гө чейин - 22 пайыздан баштап

500 001ден 750 000гө чейин - 20 пайыздан баштап

750 001ден 3 750 000гө чейин - 17 пайыздан баштап

3 750 001ден 7 500 000гө чейин - 16 пайыздан баштап

"Бакай Банк" бардык кызыкдар адамдарга коммерциялык насыяларды берүүнү сунуштайт. Банктын негизги багыттарынын бири - кардарлардын кызыкчылыктарын эске алуу жана насыя алуучулар менен эки тарапка тең пайдалуу узак мөөнөттүү кызматташтык.

"Бакай Банк" кардарларга күрөөгө коюу менен Кыргыз сому валютасында да, чет элдик валютасында да насыя берет.

Насыя берүүнүн максаттары:

  • Жүгүртмө капиталды толуктоо (товар айлануусун жогорулатуу)
  • Негизги каражаттарды сатып алуу (бизнести өнүктүрүү үчүн жабдуу, автоунаа, турак жай)
  • Инвестициялык максаттар (курулуш жана коммерциялык мүлктү оңдоо)
  • Башка банктардагы маселе жаратпаган насыяларды жабуу
  • Иштеп жаткан бизнеси барлар үчүн керектөөчү товарларды сатып алуу

АР БИР НАСЫЯ БОЮНЧА ПАЙДАЛУУ ПАЙЫЗДЫК КОЮМ АНЫКТАЛАТ

"Бакай Банкта" коммерциялык насыялардын 10 түрү бар: "Экспресс-кредит", "Микрокредит", "Микрокредит +", "Смолл кредит", "Корпоративный кредит" жана айыл чарба учүн "Агро Экспресс-кредит", "Агро Микрокредит", "Агро Микрокредит +", "Агро Смолл кредит", "Агро Корпоративдик кредит".

Бүгүнкү күндө бизнести өнүктүрүү үчүн насыянын эң көп суроо-талапка ээ болгон түрү - бул "Микрокредит +".

Бизнести өнүктүрүү үчүн "Микрокредит +" насыясы

Шарттары:

  • СОМ менен берилчү насыя боюнча пайыздык коюм — жылдык 20-24 пайыз (пайдалуу пайыздык коюм 22,84 пайыздан тарта)
  • кароо мөөнөтү — бардык документтер алынып келгенден тарта 10 иш күнгө чейин
  • насыя сом, АКШ доллар, евро, юань, тенге валюталарында берилет

Мөөнөттөрү

  • жүгүртмө капиталды толуктоо үчүн: 3 айдан 36 айга чейин
  • негизги каражаттарды сатып алуу жана инвестициялык максаттар үчүн: 3 айдан 60 айга чейин ($).

Сумма

  • 750 001 сомдон 3 750 000 сомго чейин
  • 750 001 рублдан 3 750 000 рублга чейин
  • 10 001 АКШ доллардан 50 000 АКШ долларга чейин
  • 8 001 евродон 40 000 еврого чейин
  • 60 001 юандан 300 000 юанга чейин
  • 3 750 001 теңгеден 18 750 000 теңгеге чейин.

Артыкчылыктар

  • пайдалуу пайыздык коюмдар
  • карызды төлөө графигин тандоо мүмкүнчүлүгү — аннуитет же ийкемдүү график
  • билдирмелерди тез убакытта кароо
  • документтердин аздыгы.

"Бакай Банктын" насыяларынын башка түрлөрү менен биздин сайтыбыздан тааныша аласыз.

***

"Бакай Банк" ААКсы - 19 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 70 филиалы жана сактык кассалары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurik1988
2018-06-28 12:53:44
Ошондо эн эле аз процент 16 болуп калабы??? Бу 16 деле коп кыргызстан учун коп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан