Жарандык активист Адил Турдукулов: "Президент камоого гана басым жасап, коррупциялык схеманы бузууга жете элек"

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековду жактаган бейтарап коомдук активисттер азыр аны сындоого өтүштү. SUPER.KG порталынын "Президент эмнеден жаңылууда?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.

Анын айтымында, азырынча президент эмнеден жаңылганын айтуу эрте. "Сооронбай Жээнбеков президенттик мөөнөтүнүн жыйырманчы гана бөлүгүн өтөп жатат. 6 жылдын жарым жылдай убакыты өтүп кетти. Ошентсе дагы кандайдыр бир жыйынтык чыгарса болот. Менин оюмча, мамлекет башчы коррупцияга каршы күрөштү башкы багыты деп туура кабыл алды. Президент камоого гана басым жасап, коррупциялык схеманы бузууга жете элек. Коррупциялык схеманы бузууга жетеби же жетпейби бул дагы маселе. Ошол системди буза турган органдар УКМК, Башкы прокуратура өздөрү реформаланышы керек деген ойдомун. Биринчи кезекте президенттин карамагында болбой, анын гана камчысын чаппай, мыйзамга жана элдин мүдөөсүнө таянып иш алып баруусу зарыл. Ошондо гана президенттин башкы багыты ишке ашат.

Биз эки революцияны башыбыздан өткөрдүк. Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен демократиялык өнүгүү боюнча эң алдыңкы мамлекетпиз деп мактанып жүрчүбүз. Казакстандык активистке чыккан чечим - коңшу авторитардык мамлекеттерден анчалык айырма жок дегендин белгиси. Бул саясий чечимде эки маселе жаралды. Биринчиси - демократиялык чечим, экинчиси - коңшу авторитардык мамлекет менен мамилени бузбоо. Экинчи маселеге басым жасалганы туура эмес болуп калды. Биз коңшу мамлекеттер менен демократиялык принциптерди бузбай мамиле түзсөк болмок. Буга туруштук бере албагандан кийин алар башка маселелер боюнча дагы келечекте басым жасай берет. Демократиялык өнүгүүгө сокку болду", - деди Турдукулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Таалайбек Масабиров, Акылбек Жамангулов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, жарандык активисттер Даниел Кадырбеков, Өндүрүш Токтонасыров, Жеңиш Молдокматовдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан