Депутат Акылбек Жамангулов: "Активисттер ЖЭБ маселесин саясий нукка бурайын дешсе да, кагаздарда мыйзам бузуулар болгону көрүнүп жатат"

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековду жактаган бейтарап коомдук активисттер азыр аны сындоого өтүштү. SUPER.KG порталынын "Президент эмнеден жаңылууда?" деген соболуна Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Акылбек Жамангулов жооп берди.

Ал учурда коом, оппозиция, парламент толугу менен президент Сооронбай Жээнбековду коррупция менен күрөштө колдоп жатканын айтты.

"Жалгыз эле саясий чоң аренада жүргөн адамдар камалган жок да, алардан тышкары ИИМ, прокуратура кызматкерлери жана башка мамлекеттик органдардын орто тепкичте турган кызматкерлери да коррупция боюнча кармалып жатат. Эми тыянак чыгара койгондон алыс болушубуз керек.

Президент өз кайрылуусунда "мен саясий куугунтуктар менен кимдир бирөөлөргө иш козготпойм" деп айткан. Бул чоң мааниге ээ. Бир топ депутаттар эгер президенттин айткандарынын баары ишке ашса, анда чоң өзгөрүүлөр болорун айтышты. Ал эми акыркы айларда камалган адамдардын көбү ЖЭБ чуусу боюнча күнөөлөнүүдө. Бул иште бардыгы кагаздын негизинде болуп жатат. Активисттер ЖЭБ маселесин саясий нукка бурайын дешсе да, кагаздарда мыйзам бузуулар болгону көрүнүп жатпайбы. Ошон үчүн баа берген азыр эртерээк", - деди Жамангулов.

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, жарандык активисттер Даниел Кадырбеков, Өндүрүш Токтонасыров, Жениш Молдокматов, Адил Турдукуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан