Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу: "Азыркы Жогорку Кеңеш өкмөттүн пайдалуу иштешине чоң салым кошту"

28-июнда Жогорку Кеңеш акыркы жалпы жыйынга чогулуп, каникулга тарады. SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңеш 1 жыл ичинде эмнелерге жетишти? Кандай кемчиликтерди кетирди?" деген соболуна парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу парламенттин дарегине кандай сын-пикирлер түшүп жатканын айтты.

"Адистер, журналисттер мыйзамдардын шашылыш кабыл алынып жатканын, жыйындарга пассивдүү катышууну, парламенттин чыгымын сынга алып жатышты. Мындан тышкары "депутаттар өз кызыкчылыгын гана коргошот, алар көбүнчө бизнесмендер, парламентте лобби кылышат" деген далилге негизделбеген сындар айтылып жатты.

Артыкчылыктар тууралуу айтсак, азыркы парламент чоң саясий чечимдерди кабыл алууда депутаттар активдүү катышты. Мисалы, президенттик шайлоонун таза өтүшү, мамлекеттик бюджеттин кабыл алынышы, жөлөк пул маселесин чечүү. Негизгиси, Жогорку Кеңеш өкмөттү катуу көзөмөлгө алды. Вице-премьерлер, министрлер палата алдында отчёт берип турушту. Мурдагы чакырылыштарда өкмөттүн жогорку деңгээлде парламент алдында жооп берип турганы азыраак болгон. Жогорку Кеңеш өкмөттүн жакшы, пайдалуу иштешине чоң салым кошту", - деди Нуракун уулу.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков, коомдук ишмер Эдил Байсаловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан