28-июнда Жогорку Кеңеш акыркы жалпы жыйынга чогулуп, каникулга тарады. SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңеш 1 жыл ичинде эмнелерге жетишти? Кандай кемчиликтерди кетирди?" деген соболуна жарандык активист Бекназар Айталиев Жогорку Кеңештин бир жыл ичинде жакшы иштерин деле байкабаганын айтты.
"Бир аз элге пайдалуу болуп кеткени жерлерди трансформациялоо мыйзамын кабыл алганы болду. Бирок өкмөт өзүнүн туура эмес кадамдарын кошуп, мыйзам чийки болуп калды. Эл жок дегенде ошого ыраазыбыз деп отурат. Жогорку Кеңештин кемчиликтери көп. Былтыр мөңгүнү талкалоого жол берген. Суу кодекси боюнча мыйзамды 3 окуудан колдошту. Жөлөк пул жөнүндө кабыл алган мыйзамдын айынан миңдеген балдар жөлөк пул албай жүрүшөт.
Сапар Исаковдун отставкасы тууралуу айтсам, ал деле кыйраткан өкмөт башчы болгон жок, көптөгөн кемчиликтерди кетирип алды. Бирок Жогорку Кеңеш Исаковдун ишин канааттандырбай, ошол эле отчётту Мухаммедкалый Абылгазиев көтөрүп келсе канааттандырды. Мындан улам Жогорку Кеңештин принциби жок, чала кайым болду. Президенттин саясатына жараша иштешет", - дейт Айталиев.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков, парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу, саясат таануучулар Марс Сариев, Эмилбек Жороев, коомдук ишмер Эдил Байсаловдун пикири төмөнкү шилтемеде.