30-июнда "Мен ишкермин" ишкерлер клубу айымдар форумун өткөрдү. Форумга ишкерликти баштаганы жаткан жана жаңыдан жүргүзүп, тажрыйба алууну самаган кыз-келиндер чогулду. Мотивация керек болгон конокторго өз хоббилерин бүгүнкү күндүн эң кирешелүү булагына айланткан ишкер айымдар мастер-класс өтүп, өз билгендери менен бөлүштү.
"Көпчүлүк жаштар мектепти аяктагандан кийин коомчулуктан өз ордун таба албай кыйналышат. Себеби биздин мектептин программасында каржылык боюнча билим берүү жок. Мындан улам жаштарга ушул жаатта билим берүү, аларга туура жол көрсөтүү, тажрыйбалуу бизнесмендер менен жаңы бизнес баштаган ишкерлердин ортосуна көпүрө түзүү максатында "Мен ишкермин" ишкерлер клубу негизделген", - деди клубдун жетекчиси Асел Алымбаева.
- Мен бүгүн учурдагы аялзатынын өзгөчө үйдө бала менен же эмне кылышты билбей ордун таппай жаткан аялдардын "үйдө отуруп кандай бизнес кылса болот?" деген суроосуна жооп бергим келет.
Бул форумду өтүүгө даярданып жаткан учурда кыргыз аялдарынын эмнеге бизнес баштай албай жатканын аныктап көрдүм. Алар:
* Коркуу сезими
* Ишеничтин жоктугу
* Келечекке түзүлгөн чаржайыт пландар
* Бизнести эркектерге тийиштүү нерсе катары кабыл алып, шылтоо кылгандар
* Эмнеден баштоону билбей жүргөндөр.
Мына ушундай пикирлер - ишкер болууга бут тоскон мүмкүнчүлүктөр. Өзүм 10 жылдан бери ишкерликте жүрөм. Бир топ катачылыктарды кетиргем. Бизнести баштайм деген адамдарга билим алуу, ар кандай тренингдерге баруу абзел. "Мен ишкермин" ишкерлер клубу түзүлгөнүнө 2 гана ай болду. Биз жаңыдан бизнесин түптөп келе жаткан ишкерлерге ай сайын 150 миң сомго сынак уюштуруп жатабыз. Бул өзгөчө идеясы бар, бизнес планы даяр, бирок тыйыны жок үйдө отурган жарандарга өтө ыңгайлуу жана буттан туруп кетүүгө түзүлгөн мүмкүнчүлүк. Эрежеси дагы оңой.
Ал үчүн эмне керек?
* "Мен ишкермин" ишкерлер клубуна мүчө болуп катталуу
* Бизнес идея.
"Эгер сиздин идея чындап ишке аша тургандай болсо, бизде атайын иштеген маркетолог, каржы кызматкерлери карап чыгып, колуңузга жогорудагы сумманы санап беребиз. Бул сиздин жаңы башталган ишкерлигиңиздин баштоочу куралы болуп саналат", - деп сөзүн улантты Асел Алымбаева.
Форумга келген катышуучулар бизнести жүргүзүү сырлары менен бөлүштү. Анын бири Динара Жармаматова үй шартында жасалган тортторун анын туугандары гана баалап жешчү. Кийинчерээк үй шартында эле буюртма алуусу минтип чакан ишкерликти түптөгөнгө багыт берген.
"3 бала менен үйдө көпкө отуруп калдым. Хоббиге айланган таттуу жасоону үйдөн боштуктан бошонуш үчүн жасай бердим. Акыры тортторум чакан чөйрөнүн арзуусуна татып, жолдошумдун бул бизнести кеңейтип иштей башта деген сөзүнө жеткирди. Мен ошондо майда, анан дагы аз нерселер алгачкы ийгиликтер, ишкерликтин башталышы экенин түшүндүм. Жыл айланбай атайын кондитердик дүкөн ачып, буюртма алып, киреше тапкан булакка айланды", - деди Динара айым.
Ал эми Жыпариза Тойчубек кызы тигүү цехинде иштеп жүрүп, өз алдынча кийим тиге аларын түшүнүп, иш баштаган. "Алгач тиккен кийимдеримди кошуналарга алып барып, болбогон акчага сатып байкап көрдүм. Себеби эки жакка кийип чыкканын, көрүнүшүн, тигилишин байкоого убакыт керек эле. Карап көрсөм жарашыктуу жана өзгөчөлүгү бар көйнөктөр колумдан жаралып жатыптыр. Ошол замат жолдошума идеямды сатып, анын жардамы менен "Мурас оймо" аталышындагы кийимдер коллекциямды чыгарып келе жатам", - деди ишкер айым.
Ал өз сөзүндө кыялданган максатка жетүү үчүн аялзатында болуп көрбөгөндөй күч кубат бар экенин жана аны ишке ашырууда "жолдошуңарды амалга салып, анын колдоосун алгыла" деп кошумчалады.
Форумга келген айрыкча жаш кыздар акыркы кезде сулуулук жана кийим тигүү жаатындагы бизнеске кызыгышары айтылды. Балдарга куурчактын түрүн жасаган Гүлнара Бердикожоева кол өнөрчүлүк кыргыздарда өнүккөнүн айтып, андан киреше тапса болот дейт.
"Менин тиккен куурчактарымдын баасы алды 2 миң сомдон өйдө. Бул куурчактар кыймылдуу балдарга коркунучу жок. Куурчак бизнесин кээ бири болбогон нерсе деп ойлошу мүмкүн, бирок бул жасалышы колду кармаган, сатылганда баасын таба билген ишкерликтин бир түрү", - деди ал.
Форумдун алкагында конокторго ар кандай оюндар ойнотулуп, аларга ишкер айымдардан ар түрдүү белектер таратылды. Ошондой эле эмнеден башташты билбей турган айымдар суроолоруна жооп таап, ишти эмнеден биринчи баштай турганын үйрөнүп кайтышты.
Байланыш үчүн телефон номер.: 0775 33 70 00