Токмоктун борборунда "Бакай Банктын" жаңыланган филиалы салтанаттуу ачылды

Токмок шаарындагы "Бакай Банктын" жаңыланган филиалы өткөн жума күнү 29-июнда бардык кардарлар үчүн салтанаттуу түрдө эшигин ачты. Заманбап кенен кеңсе, сылык кызматкерлер, пайдалуу депозиттер менен насыялар жана башка көптөгөн кызыктуу нерселер конокторго тааныштырылды. "Бакай Банктын" дарамети жыл сайын өсүп жатат, быйыл компаниянын түптөлүшүнө 20 жылга болот, бул республиканын каржы рыногундагы туруктуулукту жана ишенимдүүлүктү билдирет. Кыргыз өлкөсү үчүн банк тармагында 20 жыл иштөө - тажрыйбанын, жоопкерчиликтүү мамиленин, жетекчиликтин жогорку квалификациясынын көрсөткүчү. Бул убакыттын ичинде "Бакай Банк" жогорку статусун ырааттуу түрдө багынтып, өлкө аймагында өкүлчүлүктөрүн көбөйтүп, бутуна туруу жана өнүгүү этаптарынан намыстануу менен өттү.

"Бирок бул жалгыз өзгөчө дата эмес, анткени быйыл "Бакай Банктын" Токмоктогу филиалынын иштеп баштаганына 15 жыл толду. Бул бир гана биздин кызматкерлердин эмгеги эмес, биз менен ушул жылдар аралыгында бирге болгон бардык кардарларыбызга ыраазычылык билдиребиз. Жаңы кеңседе тейлөө көрсөтүү ыңгайлуулаак болот деп үмүттөнөм. "Бакай Банктын" Токмоктогу филиалына кош келиңиздер!" - деп куттуктоо сөзүндө "Бакай Банктын" төрагасынын орун басары Руслан Кагиров айтты.

2003-жылдан тарта Токмоктогу филиал өзүнүн туруктуу жана жаңы кардарлары үчүн көптөгөн тейлөөлөрдү көрсөтүп келет. Быйыл алар үчүн жаңыланган кеңсе шаардын борборуна көчтү.

"2018-жылы биз үчүн кош майрам: жаңы имаратта иштей баштадык жана Токмоктогу филиалдын түптөлгөнүнө 15 жыл толду. Бул убакыттын ичинде туруктуу кардарларыбыз көбөйүп, жаңы, кененирээк кеңсеге муктаж болгонбуз. Учурда биз шаардын борборунда жайгашканыбызга байланыштуу транспорт менен жетүү жеңилдеди. Кардарлар абдан ыраазы, мурункуга караганда азыркы кеңсебиз кенен жана ыңгайлуу", - деп баса белгиледи "Бакай Банктын" Токмоктогу филиалынын жетекчиси Нарынбек Арыков.

Анын айтымында, кардарлардын саны көбөйгөндүктөн быйыл Токмок жана Кант шаарларында аманат кассаларын ачуу зарылчылыгы пайда болду.

Мындан тышкары жаңы кеңсенин салтанаттуу ачылышына "Бакай Банктын" кадырлуу кардарлары чакырылган. Аларга жыл ичи акысыз колдонууга VISA GOLD төлөм карталарын алууга сертификаттар тапшырылды. Үсөн Сеитов - Токмоктогу филиал негизделгенден бери анын туруктуу кардары. Анын айтымында, 20 жыл ийгиликтүү иштегени үчүн компания калктын ишенимине татыды. "Бакай Банк" жыл сайын өнүгүп келет, кеңейген сайын кардарлардын саны өсүп турат. Менин оюмча, бул жакшы банк. Башка банктарга салыштырмалуу "Бакай Банкта" насыя алуу жеңилдетилгени үчүн абдан ыңгайлуу. Бул банктын келечеги кең", - деди Сеитов.

Дагы бир кардар Рыспек Жумалиев дагы компанияга ийгилик жана өсүш каалады. "Бакай Банктын" келечеги ачык болсун. Элге кызмат кылсын. Мен 2 жыл бою кардармын, бир да жолу тейлөөсүнө нааразы болгон жокмун, бардык кызматкерлер тез жана жыйынтыкка иштейт", - деди Жумалиев.

Эгер сиз "Бакай Банктын" Токмоктогу филиалында тейлөөлөрдү пайдалангыңыз келсе, иштөө графиги, адрес жана телефонду сунуштайбыз:

Токмок шаары, Ибраимов көчөсү (учак району тарапта), телефон: 03138 6-16-63, 6-39-73, 6-27-75

Иш убактысы: иш күндөрү 08.30 - 17.00, түшкү танапис 12:00 - 13:00.

Ишемби күндөрү 09:00 - 14:00 түшкү танапис жок.

"Бакай Банктын" насыяларынын башка түрлөрү менен биздин сайтыбыздан тааныша аласыз.

***

"Бакай Банк" ААКсы - 20 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 70 филиалы жана сактык кассалары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан