Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев: "3 жыл көзөмөлдү алып салуу - бизнеске жакшылык кылуу эмес"

Өкмөт бизнести текшерүүгө 3 жылдык мораторий жарыялады. SUPER.KG порталынын мындай чечим пайда алып келеби же зыянбы деген соболуна экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жооп берди.

Сарыбаев бизнести текшерүүгө 3 жылдык мораторий жарыялоо зыян алып келет деген пикирде.

"Бизнести текшерүүгө 3 жылдык мораторий киргизүү мамлекет үчүн чоң зыян, себеби дегенде текшерүү күчөп, көзөмөлдөнүп турганына карабай көмүскө экономика 50-60 пайыз, салыктын 50 пайызы бюджетке түшпөйт. Бизнести көтөрөбүз деп жатып учурда салык саясаты дээрлик жүргүзүлбөй, бул тармак коррупцияланып калды. Ушундай коррупцияланган өлкө, коррупцияланган салык саясаты, бажы саясаты, бюджет саясаты болуп турган өлкөдө бизнести таптакыр карабай, 3 жыл жайына койсо эмне болот?! 3 жыл жайына койсо коррупционерлерге Кудай берип калбайбы. Мамлекеттин өзүнүн бир функциясы – бул көзөмөл кылуу. Азыркы аракет логикага сыйбаган көрүнүш.

Экономикалык башкаруунун толгон токой механизмдери бар: экономикалык, финансылык, юридикалык механизмдер. Ушуларды туура жана толук пайдаланса, көзөмөлдөн баш тартуунун эч кандай кажети жок. Жөнөкөй тил менен айтканда, 3 жыл көзөмөлдү алып салуу бизнеске жакшылык кылуу эмес, колдон келсе ошол бизнестегилерди коркутуп-үркүтүп акча алгандарды камакка алуу керек. Бизнеске ушундай жакшылык кылыш керек", - деди Сарыбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева, Айсулуу Мамашова, Сайдулла Нышанов, Зиядин Жамалдинов, ишкер Эмил Үмөталиевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан