Бүгүн, 2-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
2018-жылдын июлунан тартып декларациялык кампанияга старт берилди. Бул кампанияда бардык мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери менен чыгымдары боюнча толтурулган декларациялары кылдат текшерилмекчи.
Бүгүн өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, жарандар коррупцияга каршы күрөш боюнча конкреттүү чараларды күтүп жатканын эскертти. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевдин айтымында, декларацияларды текшерүү боюнча тийиштүү укук-ченемдик база түзүлдү. Биринчи кезекте саясий кызматтарды ээлеген, анын ичинде президенттин, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген кызматкерлердин декларациясы текшерилмекчи.
Өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп, бизнес менен алектенбей жүрүп эле өлкөнүн бай адамдарынын алдыңкы катарынан түшпөгөн саясатчыларга карата коомчулукта суроолор арбын. Учурунда элдин мындай суроосу Ахматбек Келдибековго карата узатылса, жакында эле Аскарбек Шадиевге карата да айтылып, мамлекеттик кызматкерлер кантип мындай байлык топтоору расмий түрдө ачыкталбай келе жатат. Балким, 2018-жылдын декларациялык кампаниясы мындай суроолорго жоопту алып чыгар? Президенттин байма-бай жарыя кылган тапшырмаларына караганда, коомчулук мындай суроолорго жооп алышы керек. Бир гана суроо бар. Мына ушул кыңыр байлыктарды тизмелеп, таап чыгууну кимдер жүргүзөт? Алар өздөрү байлыгын жашырчулар тизмесинде эмеспи?..
Жарандык активист, КСДПнын жаштар канатынын бир кездеги лидери Ренат Самудинов кайрылуу жасап, жубайы экөөнө АКШдан саясий качкын катары башпаанек берилгенин билдирди. Ал өзүнө жана үй-бүлөсүнө карата КСДПнын мүчөлөрү Фарид Ниязов менен Данияр Аттокуров тарабынан коркутуулар болгондуктан мекенин таштап кетүүгө аргасыз болушканын айтат.
Самудиновдордун үй-бүлөсү өткөн 2017-жылы Мексикадан АКШга визасыз кирүүгө аракет кылды деп кармалганы белгилүү болгон. Ал келинчеги экөө саясий башпаанек сурап кайрылып, арызды АКШнын миграциялык соту карап, аягында саясий качкын статусу берилгени белгилүү болду.
КСДПнын активдүү мүчөсү болуп келген Ренат Самудинов акыркы жылдардагы партиянын кадрдык саясатына нааразы болуп, сындай баштаган. Ошондой эле партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Аттокуровду “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасында коррупциялык иштерге жол берген деп айыптап чыккан. 2017-жылдын августунда аны КСДПнын саясий кеңеши “ыйгарым-укугу жок туруп партиянын атынан билдирүү жасады”, - деп мүчөлүктөн чыгарган.
Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов Ренат Самудиновго жардам гана берип келгенин айтып жооп кылды. “Саясий качкын” статусун алыш үчүн кандай кадамдарга барды, аны Ренаттын абийирине койдум", - дейт Ниязов. Ошентсе да ал Ренат Самудинов менен Данияр Аттокуровдун ортосунда түшүнбөстүктөр болуп келгенин тастыктады.
Ошентип 2010-жылдан бери бийликте келе жаткан партиянын бир мүчөсү “куугунтук көрдүм” деп АКШ өңдүү ири державадан башпаанек алып, дагы бир мүчөлөрү “саясий куугунтукка кабылдым” деп жар салуу менен УКМКнын абагында, дагы башкалары өлкөнүн тагдырын калчап Жогорку Кеңеште отурушат. Эл болсо... жан багуунун айласында Орусияны көздөй агылганы агылган...