MegaCom: Mega iTV менен футболдук таймаштарды каалаган жерден көрүүгө болот

2018-жылдын жай айлары футбол күйөрмандарынын эсинде көпкө чейин кала тургандыгы анык. Бул спорт тарыхында өзгөчө кызыл сызык менен өтө турган бараандуу окуя – Россияда өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаты менен байланыштуу. MegaCom Mega iTV сервиси - футбол күйөрмандары үчүн өзгөчө табылга. Алар бүйүр кызыткан беттешүүлөрдү өткөрүп жибербестен каалаган учурда, каалаган жерден өз смартфонунун экранынан көрө алышат. Трафик канча сарпталат деп кам санабай эле койсоңуз болот. Көрүүдө интернет-трафик тарифтелбейт.

Mega iTV сервисинен колдоно баштоо үчүн төмөндөгү телеканалдар топтомдорунун ичинен бирди тандап алууга болот:

  • Premium (710*3#) топтомун активдештирсеңиз, санариптик сапаттагы 140 телеканал сунушталат, анын ичинде күнүнө 7 сом үчүн спорттук каналдар да кирет.
  • Базалык топтомду кошуп алсаңыз (*710*1#), сиз күнүнө 5 сом үчүн Чемпионаттан түз алып көрсөтүүлөрдү көрө аласыз. Топтом өз ичине 70 телеканалды камтыйт. Алгачкы жолу кошулууда бонус – 3 күн акысыз көрүү сунушталат.
  • Light (*710*2#) топтому – түрдүү тематикадагы 40 телеканал: кинотасмалар, балдарга арналган, көңүл ачуучу жана таанып билүүчү мүнөздөгү телеберүүлөр. Футбол сүйүүчүлөр күнүнө болгону 3 сом үчүн спорттук телеканалдарга саякат жасап, сүйүктүү командасынын оюнун көрө алышат.

Mega iTV сервисинен колдонуу үчүн топтомду тандагандан кийин App Store же Google Play'ден тиркемени жүктөп алуу, орнотуу жана ишке киргизүү жетиштүү. Сервистин алкагында телеканалдарды трансляциялоо Акнет компаниясы тарабынан ишке ашырылат.

Mega iTV тууралуу толук маалымат megacom.kg сайтында.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kg-kg-kg17
2018-07-03 14:35:13
Кечкисин эле тупить этип баштайт.Футбол башталган убакта загрузга эле боло берет катып.Жакшысы телевизордон эле коргуло деп совет берем
0
USSR
2018-07-04 09:56:20
Телефондон футбол көрүп жаткандарга одиниксбет тиркемесин сунуштайм. Катыбайм, токтобойт. Бир минусу-комментаторлору жок, болсо да англисче)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан