"Бакай Банктын" Ислам каржылоо борбору Мурабаха пайдалуу келишимин түзүүнү сунуштайт

"Бакай Банктын" Ислам каржылоо борбору өз кардарларына Мурабаха келишимин түзүүнү сунуштайт. Мурабаха "Бакай Банктын" бөлүмү катары иш алып барып, Исламдагы эрежелерге жооп берген, Шариаттын эл аралык AAOIFI стандарттарына туура келген багытта каржылоо ишин жүргүзөт. Аталган коммерциялык борбордун артыкчылыктарынын бири - бул кардардын билдирмеси боюнча алдын ала макулдашылган үстөк баада сатып алынган товарды бөлүп-төлөө шартында сатуу бүтүмү. Мурабаха эл ичинде чоң суроо-талапка ээ. Салттуу банкингге салыштырмалуу исламдык банкингде үстөк баа мөөнөткө гана жараша болот. Мисалы, бир айга үстөк баа тийиштүү көлөмдө, үч айга башкача, бир жылга башкача.

Мурабаха - керектөөчүлөр үчүн

Каржылоонун максаты: үй тиричилик техникасы, компьютердик техникалар, байланыш каражаттары, эмеректер жана башка буюмдарды сатып алуу үчүн керектөөчүлөр каржылоо алат.

Керектөөчүлөрдү каржылоонун шарттары:

  • Физикалык жарандар, Кыргыз Республикасынын резиденттери (иштеген убактысы 6 айдан жогору болушу шарт);
  • Керектөөчүнүн жашы: 21ден 65 жашка чейин;
  • Каржылоонун көлөмү: 5 миң сомдон 120 миң сомго чейин.
  • Каржылоонун мөөнөтү: 3 айдан 24 айга (2 жыл) чейин;
  • Кепилдик: Кыймылдуу мүлк жана кепилдик берүүчү.

Алгачкы төлөм:

Эгерде товардын баасы 40 миң сомго чейин болсо;

  • 15 пайыз кепил болгон киши;
  • 20 пайыз алган товар;
  • 10 пайыз кайрадан каржылоого ээ болуу (эгер мөөнөтүнөн өткөрбөй төлөгөн болсо);

Эгерде товардын баасы 40 миң 1 сомдон 60 000 сомго чейин болсо:

  • 20 пайыз кепил болгон киши.
  • 25 пайыз алган товар.

Ал эми товардын наркы 60 миң 1 сомдон 120 000 сомго чейин болсо:

  • 30 пайыз кепил болгон адам.

Керектүү документтер:

  • Керектөөчүнүн паспорту, анын жолдошунун же жубайынын паспорту, кепил болгон кишинин жана анын жубайынын же жолдошунун паспорту;
  • Нике күбөлүгү (же ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк);
  • Керектөөчүнүн акыркы 6 ай ичиндеги эмгек акысы тууралуу аныктамасы же дагы башка эмгек акысын далилдеген кагаздар;

Мурабаха - Универсал

Каржылоонун максаты:

  • Бизнести өнүктүрүү (товар айлантуу);
  • Айыл-чарбасын өнүктүрүү (мал-жанды көбөйтүү, өсүмдүктөрдү өстүрүү);
  • Курулуш каражаттарын сатып алуу;
  • Кыргыз Республикасында жана шариат жолунда тыюу салынбаган товарларды сатып алуу.

Каржылоонун шарттары:

  • Физикалык жарандар, Кыргыз Республикасынын резиденттери (иштеген убактысы 6 айдан жогору болушу шарт);
  • Керектөөчүнүн жашы: 21ден 65 жашка чейин;
  • Каржылоонун мөөнөтү: 3 айдан 60 айга чейин (5 жыл);
  • Каржылоонун көлөмү: 20 миң сомдон жогору;
  • Каржылоо валютасы: сом, доллар;
  • Төлөө мөөнөтү: ай сайын бирдей суммада;
  • Кепилдик: кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, кепилдик берүүчү жаран;
  • Ар бир кардарга индивидуалдуу мамиле;
  • Кепилдик: Каржылоо комитетинин чечимине жараша.

Керектүү документтер:

  • Керектөөчүнүн жана анын аялы же күйөөсүнүн паспорту;
  • Нике тууралуу күбөлүк (же ажырашкандыгы тууралуу);
  • Жашаган жеринен аныктама;
  • Керектөөчүнүн акыркы 6 ай ичиндеги айлык-акысын далилдеген аныктама же дагы башка эмгек акысын далилдеген кагаздар.

Маалымдама:

Ислам каржылоо борбору - Кыргыз Республикасындагы жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигиндеги "Бакай Банк" тарабынан түзүлгөн жана ислам принциптери менен финансылык тейлөөлөрдү көрсөткөн алгачкы жана жалгыз мекеме.

Дареги:

Бишкек шаары, Чүй кең көчөсү, 111а

Байланыш номери: +996(312)610061, мобилдик номер: 6111

Сайт: www.ifcenter.kg

Email: office@ifcenter.kg


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан