"Газпромнефть" "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" акциясынын алгачкы жеңүүчүлөрүн аныктады

“Газпромнефть” 20-апрелден 21-июнга чейин өткөн "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" акциясынын биринчи этабынын жыйынтыгын чыгарды. Бул мелдешке жалпысынан 60 миң скретч-картага катталган адамдар катышты. Байгеге төмөнкүлөр коюлду:

- Бир адамга дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө саякат;
- 5 сыналгы;
- 5 ноутбук;
- 10 Gergert Sport спорттук велосипед (2018-жылы чыгарылган);
- 10 Xiаоmi үлгүсүндөгү смартфон;
- 10 Neoline унаарегистратору (караңгыда көрсөтүү функциясы менен);
- “Change Fitness” фитнес-клубга 10 карта;
- Neoline унаанын аккумуляторун кубаттоочу 5 жабдуу;
- G-Drivе майын алуу үчүн 30 сертификат.

Биринчи этаптын жеңүүчүлөрүнүн аты 28-июнда “Рекорд” радиосунун түз эфиринде, www.ts.kg сайтынын онлайн-трансляциясында жана “Газпромнефть Азиянын” Инстаграмдагы баракчасына жарыяланды. Жеңүүчүлөрдү Random программасынын жардамы менен көз карандысыз комиссиясы аныктады. Комиссиянын курамына “Азия Микс” КВН командасынын катышуучусу, КВНдин Жогорку Лигасынын чемпиону, Екатерина Козелецкая “GеrgеrtSpоrt” компаниясынын өкүлү, Марат Асенов Футбол федерациясынын өкүлү, Манас Абдиев тай бокс боюнча Кыргыз мамлекетинин чемпиону, Ксения Стрельцова эстрада аткаруучусу, Максат Садырбеков эстрада аткаруучусу жана “Нон стоп” долбоорунун катышуучусу, Егор Шнайдер белгилеүү фитнес тренери, Бахтияр Касымалиев “Азия Микс” КВН командасынын катышуучусу, КВНдин Жогорку Лигасынын чемпиону, Аким Карасаев “Азия Микс” КВН командасынын катышуучусу, КВНдин Жогорку Лигасынын чемпиону.

Радио алып баруучу Эрик Молдалиев алып барган оюн 3 сааттык кызыктуу шоуго айланды. Ар саат сайын "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" акциясынын биринчи этабындагы оюнда жаңы коноктор келди.

Учурда 30-августта соңуна чыга турган акциянын экинчи этабы кызуу жүрүүдө. Акциянын экинчи жана үчүнчү этабында түрдөш белектер ойнотулат.
Ноябрь айында "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" акциясынын башкы байгеси 2018-жылы чыккан Rеnаult Kаptur автоунаасы ойнотула турганын эске салабыз.

Акциянын катышуучусу болуу үчүн "Газпромнефть" май куюучу жайларынан унаага май куюп, ар бир 10 литр үчүн купондо мөөр бастырыш керек. G-Drivе майынын 10 литри үчүн эки мөөр коюлат. Май куюучу жайлардагы бензиндин бардык түрүн куюп акцияга катышса болот.
10 мөөр толтурулгандан кийин купонду скретч-картага алмаштыруу керек, андан соң анын кодун акциянын www.gpn-prоmо.kg сайтына же "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" мобилдик тиркемеде QR-кодду катташ керек.

«Газпромнефть» "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" акциясынын биринчи этабынын жеңүүчүлөрүн чын жүрөктөн куттуктайт жана кардарларына оюнга катышканы үчүн ыраазычылык билдирет.
10 күн аралыгында gpn-prоmо.kg сайтында скретч-картага катталганда жазылган телефон номерлери аркылуу жеңүүчүлөргө байланышып, аларды расмий түрдө сыйлык тапшыруу аземине чакырат.


кошулду
"Газпромнефть Азиядан" май куюп, ыраазы болуп кайтыңыз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Crystal
2018-07-05 20:39:29
Ошо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан