Өлкө боюнча чексиз интернет жана акысыз байланыш – бул, албетте, жакшы. Бирок кээде бул да жетишсиз болуп калат.
Баарына толук жетүү үчүн О! Мобилдик оператору Кыргыз Республикасынын башка мобилдик түйүндөрүнө чалуулар үчүн мүнөттөрдүн жаңы топтомдорун киргизди. Ал топтомдорду сиздин тарифтин чегинде акысыз мүнөттөрдүн көлөмү түгөнүп калганда кошуп алса болот.
Мүнөттөрдүн жаңы топтомдорун кошуп алыңыз да, КРнын башка мобилдик номерлерине акысыз чалууларды жүргүзүүнү уланта бериңиз!
«О!го которул +» жана «Сенин нөлүң» тарифтик топтомдордун бардык абоненттерине башка түйүндөргө кошумча мүнөттөрдү кошуу жеткиликтүү.
Мүнөттөрдүн топтомдорунун мөөнөтү – сиздин учурдагы тарифиңиз боюнча абоненттик төлөмдүн аягына чейин жарактуу. Топтомдордун баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн. Бул жана башка кызматтардын пайдалуу топтомдору тууралуу толук маалымат o.kg сайтында жайгаштырылган.