Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда Анкара шаарына Түркиянын президентинин кызматка киришүү аземине катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, Түркияда 24-июнда өткөн президенттик шайлоодо Режеп Тайип Эрдоган кайрадан өлкө башчысы болуп шайланган. Ал шайлоочулардын 52,55 пайыз добушуна ээ болгон.