"Бакай Банкта" эмгектенип ийгиликке жеткен 10 айымдын окуясы: Карьера же үй-бүлө. Азыркы айымдар эмнени тандайт?

Үстүбүздөгү жылдын 28-декабрында “Бакай Банк” АККсы өзүнүн 20 жылдык мааракесин белгилейт. Буга байланыштуу биздин жамаатта эмгектенген айымдар менен болгон маектерди жарыялайбыз. Айымдар өздөрүнүн ийгилиги жана бактылуулуктун сырлары менен бөлүшмөкчү.

Көпчүлүк элдерде аял – үйдүн куту. Аялдын милдети балдарды тарбиялап, үй иштерин аткаруу, ал эми үй-бүлөнү материалдык жактан камсыз кылуу милдети эркек кишинин моюнунда. Бирок убакыттын өтүшү менен көз караштар өзгөрүп, көпчүлүк айымдардын алдында турмушка чыгуу же иштеп карьерасын куруу деген тандоо келип чыгууда.

Биздин алгачкы каарманыбыз өзүнүн тажрыйбасында жогоруда айтылган тандоону жасоо зарыл эместигин далилдеген. Роза Асанбекова үч баланын энеси, бактылуу айым ошол эле маалда жумушта да көптөгөн ийгиликтерге жетишкен.

Роза Асанбекова - “Бакай Банк” АККсынын насыя берүү башкармалыгынын жетекчиси. Ал үй-бүлөнү жана жумушту канткенде бирдей алып кетсе боло тургандыгы тууралуу айтып берди.

“Менин оюмча, жумуштагы жетишкендигиме үй-бүлөмдүн колдоосу таасир берди. Атам кичине кезимден баштап күчтүү болууга, алдыга умтулууга жана эч качан кыйынчылыктарга моюн сунбоого үйрөткөн. Жашоомо дал ушул сапаттардын жардамы тийди. Атам инженер болуп эмгектенчү, жумуш оор болчу. Үй-бүлөмө жардам берүү максатында 5-классымда гезит сатып баштадым. Бул тажрыйба дагы менин жашоомо өзүнүн оң таасирин тийгизди. Алдыга кандай максат койсом дайыма ага жетем”, - дейт Асанбекова.

Өспүрүм кезинен тартып эле Роза маанилүү чечимдерди өзү кабыл ала баштаган. Мисалы, 9-класска чейин кыргыз тилдүү класста окуп 10-класста орус тилдүү класска которулууну чечкен. Мындан улам ал азыркы тапта кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөй алат. Кандай гана чечим болбосун ата-энеси аны дайыма колдоп турчу.

“Мектеп мен үчүн мыкты негиз болду. Мен Политехникалык институтка акысыз окуу бөлүмүнө тапшыра алдым. Математика жана информатика сабактарына өтө жакын элем. Ошол себептен инженер-программист факултетине тапшыргам. Жалпы курста 4 эле кыз окучу, калганы 30 бала болчу. Бул кесипти тандаганыма өкүнбөйм. Менин оюмча, бул кесип мүнөздүн калыптанышына жардам берет”, - деген оюн билдирди Роза.

Студент кезинде Роза Улуттук банкка практика өтөө үчүн барып калат. Ал жакка эң мыкты гана студенттер алынат. Ал жактагы жумуш жагып Роза өзү үчүн анын жумушу банк тармагы менен байланыштуу болот деген чечим кабыл алган.

“Улуттук банк - менин алгачкы мектебим. Мага ал жер абдан жаккан. Ошол себептен банк кызматкери болууну чечкем. Маселе менин банк тармагындагы иштерге сүңгүп кирип, аларды түшүнүүдө эле. Бул тармактагы алгачкы билимди ошол Улуттук банктан алгам. Бирок бул билим жетишсиз болчу, буга байланыштуу окуу жайдын китепканасына жарым күнгө китепканачы болуп орношуп алгам. Ал жакта банк иши тууралуу атайын китептерди күнү-түнү окучумун. Дал ушинтип студенттик күндөр өткөн”, - деп эскерет Роза.

Институтту аяктаган соң Роза Европалык реконструкциялоо жана өнүгүү банкынын насыя адистерин даярдоо боюнча тандап алынган 250 студенттин ичине кирген. Андан соң Розаны 6 айлык стажировкага ири банктардын бири чакырган. Бирок Розанын жашоосунда өзгөрүүлөр болуп бир ай стажировка өткөн соң ал турмушка чыгып кош бойлуу экенин билген.

“Кош бойлуулугума байланыштуу менин стажировкамды 8 айга чейин узартышты. Бирок мен алдыга койгон максатымдан артка кайтууну ойлогон жокмун. Тескерисинче, өзүмдүн өзгөчө абалымды түшүнүп жумушумду мыкты аткарууга аракет кылып жаттым. Башкалар менен тең тайлаша иштеп, айдан айга жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөттүм. Стажировка учурунда “Ош базарындагы” бөлүмдөн тартып башкы кеңсеге чейин иштедим. Албетте, оор болду, бирок дал ушул тажрыйбадан улам жөнөкөй жана VIP кардарлар менен кантип иштешүү керектигин түшүндүм. Ар кандай семинар, мастер-класстарда тажрыйбалуу кызматкерлерге келип кызыккан суроолорумду берүүдөн тартынчу эмесмин. Алар да өз кезегинде мага жооп берип билгендери менен бөлүшчү”, - дейт Роза.

Жумушка болгон жоопкерчиликтүү мамилеси жана жакшы көрсөткүчтөрү үчүн жетекчилик Розаны белгилеп, ал көз жарган соң жумушка чыгууну сунушташкан. Мындай мүмкүнчүлүктү коё бербестен төрөгөнүнө 3 ай болгондон кийин жумушка чыккан.

“Жумушка мени катардагы адис катары алышкан. Бирок 1 ай өткөн соң планды ашыкча аткарганым үчүн бөлүмдүн алдыңкы адиси кылып дайындашкан. Андан соң насыя берүүнүн ар кыл секторлоруна жумушка жиберишти. Жумуштан колум бошобогонуна карабастан дайыма өзүмдү өнүктүрүү үчүн убакыт таап, дайыма керектүү китептерди окучумун. Көп убакыт өтпөй мени насыя берүү секторунун жетекчиси кылып дайындашты. Кичине иштеп кайрадан декреттик өргүүсүнө кеттим. Кыздуу болдум”, - деп эскерет каарман.

Кош бойлуу кезинде каарманыбыз жумуш ордун калтырган эмес. Жумуш менен биргеликте эле ал өзү окуп бүткөн институттан бухучёт жана аудит багыты боюнча 2-жогорку билимин алган. Декреттик өргүүдө болгону 6 ай болуп кайрадан ишке киришкен.

“Дайыма алдыга умтулуп көптөгөн жетишкендиктерге жетүүнү каалачумун. Бир нече банктарда иштегенге жетиштим. Бул мага чоң тажрыйба болду. Эстеп көрсөм, банкта бир бөлүмдүн жетекчиси болуу мен үчүн кол жеткис кыял болчу. 2012-жылы “Бакай Банктын” корпоративдүү насыя берүү бөлүмүнө башкы адис катары жумушка чакырышканынан макул болгом. Банкта 5 жыл ичинде башкы адистен бөлүм башчыга чейин көтөрүлдүм. Менин карьералык тепкич менен көтөрүлүшүмө ишим гана эмес, “Бакай Банктын” жетекчилигинин позициясы дагы себепчи болду. “Бакай Банкта” иштеген мага ыңгайлуу, бул жерде өзүңдү көргөзүп мыкты иштөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул арада дагы бир уулдуу болууга жетиштим”, - деп бөлүштү Роза.

Каарманыбыздын ою боюнча, ийгилик деп мыкты көрсөткүчтөр гана эмес, жумуштагы кесиптештериң, кардарлар менен түзгөн мамилең дагы эсептелет.

“Менин устаттарым жана жетекчилерим дайыма сүйлөшүүгө даяр болуп көптөгөн жардамын көрсөтүштү. Албетте, “Бакай Банктагы” жетекчилеримден үлгү алам. Мен да ошолордой жетекчи болгум келет. Дайыма ар бир кызматкер келип мени менен кеңешип, өз ойлору менен бөлүшө алса дейм. Ар бир кардар менен ишеничтүү, узакка созула турган мамилелерди куруш керек. Мен буга кол алдымдагы кызматкерлерди үйрөтөм. Менин кеңештерим, сабактарым өз таасирин берип жатат, ошол себептен биз кардарлар менен биргеликте өнүгүп жатабыз. Ар бир ийгиликке жетип өз ишин баштаган кардар үчүн чын жүрөктөн кубанам. Анткени ал жеткен ийгилик менин ийгилигим болуп эсептелет”, - деп белгиледи Роза.

Каарманыбыздын билдирүүсү боюнча, ал ийгиликке үй-бүлөсүнүн жана өмүрлүк жарынын жардамы жок жете алмак эмес.

“Биздин үй-бүлөдө бардыгы бири-бирин колдоп турууга аракет кылат. Мисалы, жолдошум мен жумушта кармалып калганымды жактырбайт. Ушул себептен жумушка эрте келип иштеримди жумуш убактысы аяктагыча бүтүргөнгө аракет кылам. Жумуштан чарчаганыма карабастан балдарым менен жай отуруп сүйлөшкөнгө убакыт табам. Албетте, аларды даамдуу тамактар менен кубантып турганга аракет жасайм. Кечки тамакты үй-бүлөм менен бирге ичүү - биздин үй-бүлө үчүн салт. Эс алуу күндөрү үй-бүлөбүз менен ар кайсы жакка чыгабыз. Эмгек өргүү учурунда өлкөбүздүн аймактарын кыдырып саякаттайбыз. Жолдошум экөөбүз 13 жылдан бери чогуубуз. Үй-бүлөдө эң негизгиси - бул колдоо жана түшүнүү”, - деп бөлүштү Роза.

Розанын айтымында, бардыгына жетишсе болот. Эң негизгиси алдыга койгон максаттарга умтулуу керек. Карьералык тепкич менен жогору көтөрүлүү оңой-олтоң иш эмес. Туура кесипти гана тандабастан, туура жумуш ордун тандоо да өтө чоң ролду ойнойт. “Бакай Банкта” өнүгүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Компанияда жаш адистердин көпчүлүгү жетекчилик кызматтарды ээлейт. Статистикага таянсак, “Бакай Банкта” эмгектенгендердин 61,5 пайызы аялдар. Ал эми жетекчилик кызматта аялдарга жана эркектерге орундар тең бөлүнгөн.

Өзүнүн мисалы менен Роза Кыргыз жергесинде айымдарга өзүнүн карьерасын тургузуу мүмкүн экенин жана жумуш менен үй-бүлөнүн ортосунда тандоо жасабай деле ийгиликке жетсе болорун көрсөтүп кетти.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Snikers18
2018-07-10 17:17:05
Иштериңде ийгиликтер боло беришине тилектешмин. Мыкты! Үй-бүлөө оокатына да, жумушка жана балдарына тарбия бергенге жетишкен кыз экенсиң. Үй бүлөөң менен аман бол. Кудай аракет кылганга берекет берет эмесби. Кээ бир обу жок кыз-келиндер сабак алышса болчуудай экен.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан