Молдомуса Конгантиевдин сотсуз акталганы боюнча Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков өз пикирин билдирсин деп Азимбек Бекназаров айтып чыкты. SUPER.KG порталынын сиз буга кошуласызбы? деген соболуна саясий серепчи Игорь Шестаков жооп берди.
Анын пикиринде, Молдомуса Конгантиевдин күнөөсү кандайдыр бир деңгээлде бар.
"Анын Медет Садыркуловдун өлүмүн териштирүүнү эмнеге аягына чейин чыгарбаганы баарына түшүнүктүү. Конгантиевдин иши башынан эле саясий болгон. Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда Конгантиевдин кылмыш иши тууралуу негедир эч бир массалык маалымат каражатында жазылган эмес. Эми бийлик алмашкандан кийин бул маселени кайра эстеп көтөрүп жатышат. Азимбек Бекназаров Конгантиевдин иши боюнча билдирүү жасап, өзү бар экени тууралуу элге эстетип, өзүнө саясий "реклама" жасаганга аракет кылды", - деди Шестаков.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, КСДП, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева, журналист Турат Акимовдун пикири төмөнкү шилтемеде.