Дүйнөдөгү эң түрү суук ит өлдү

Чет элдик басылмалар дүйнөдөгү эң түрү суук ит аталган англис бульдогу 9 жашар Жа-Жанын өлгөнүн жазышууда. Мындай маалыматты басылмаларга иттин ээси Меган Брейнард кабарлаган.

Жа Жа ушул жылдын июнь айынын аягында АКШнын Калифорния штатында болуп өткөн “Дүйнөдөгү эң түрү суук ит” конкурсунун жеңүүчүсү болгон. Анда ал узун тилин салаңдатып көрүүчүлөрдүн астына чыгып, калыстардын жогорку баасына татыган. Бул сынакта иттин ээси 1 миң 500 доллар баш байгени алган.

Жа-Жа 5 жашында Миссури бакчасынан табылган. Меган Брейнард ага бир жылдан кийин гана үйүндө жашоого баш паанек берген. Итке ээси голливуд актрисасы Жа Жа Габордун ысымын ыйгарган. Ал 70тен ашык киного тартылып, 9 жолу турмуш курган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
rejepova
2018-07-11 14:24:34
Ииий кааап эми эмне болот десен?
+1
Dalil
2018-07-11 14:59:15
Мына сага жаңылык. Англиянын королевасы өлгөндөй жазышыптырго.
+12
guli-1980
2018-07-11 15:05:15
Туру суук деле эмес экенго
0
tursunbaev78
2018-07-11 15:34:09
голлибуд
+1
Paprikafm
2018-07-11 18:06:10
Эмне себеп болуптур, көз тийгенго
+3
aidinaernur
2018-07-11 19:46:33
9 жолкусу да озгочо экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан