О! мобилдик оператору түйүндү жакшыртуу боюнча масштабдуу иштер тууралуу билдирет

О! мобилдик оператору өлкө ичинде каптоо аймагын кеңейтүү жана байланыш сапатын жакшыртуу тууралуу маалымат берет. Оператор үчүн 2018-жылда бардык жерлерде 4G жана 3G тармактарын өнүктүрүү иши приоритеттүү багыт катары калууда.

«Абоненттердин байланыш сапатын кабыл алуусу жана О! түйүнүнүн кызматтарын жөн гана колдонбостон, башкаларга да сунуштоого даярдыгы түйүндү техникалык жактан өнүктүрүүгө арналган иш-аракеттерибиз менен түздөн-түз байланышта экендигин жакшы билебиз. Ошондуктан түйүндүн каптоо аймагын кеңейтүү жана өлкө боюнча кызматтардын сапатын жакшыртуу – О! мобилдик оператору үчүн ачкыч приоритет болуп эсептелет», — дейт ишкананын техникалык директору Антон Коваленко.

Техникалык дирекциянын адистери О! түйүнүнүн инфратүзүмүн жогорку темп менен курууну улантууда. Өтүп кеткен айдын ичинде эле ишкананын техникалык адистеринин аракеттери менен өлкөнүн ар бир облусунун 70 пайызынын калктуу аймагында туруктуу байланыш жана интернеттин жогорку ылдамдыктары камсыз кылынды:

Ош облусу: Ош, Эски-Ноокат, Өзгөн шаарларында, Керме-Тоо, Отуз-Адыр, Жаңы-Ноокат, Гузар, Өзгөн, Кесов, Тепе-Коргон, Чертик, Арал, Тепе-Коргон, Уйгур-Абад, Кызыл-Сарай, Гайрат, Кызыл-Октябрь, Жийде, Кыргызстан айылдары жана Киров атындагы айылда;

Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад, Ала-Бука, Сузак, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата, Токтогул шаарларында жана Ак-Там, Сафед-Булон, Массы, Таш-Булак, Торкент, Кара-Тектир, Улан-Булак, Чангыт, Таштак, Миң-Өрүк, Төөлөс, Канды, Кетерме, Тайгараев атындагы айылдарда;

Баткен облусу: Исфана шаарында жана Гагарин, Самат, Кара-Чагат, Мырза-Патча, Ак-Суу, Чоң Кара, Интернационал айылдарында.

Нарын облусу: Нарын шаарында жана Жаңы-Арык, Кара-Суу айылдарында, ошондой эле «Солтон Сары» алтын кен комбинатынын аймагында;

Чүй облусу: Бишкек шаарында жана Чаткел, Военно-Антоновка, Милянфан, Жээк, Кичи-Кемин, Кара-Булак, Кызыл Октябрь айылдарында, «Горный Ветерок» дача посёлогунда, «Алтын-Казык» конушунда жана Чүй ГЭСнин аймагында;

Ысык-Көл облусу: Каракол шаарында, Түп, Күрмөнтү жана Кожояр айылдарында;

Талас облусу: Талас шаарында жана Кызыл-Адыр, Таш-Арык, Көк-Кашат айылдарында.

4G/3G/2G тилкесиндеги О! түйүнүнүн толук каптоо картасы менен бул жерден тааныша аласыздар.

Курорттук Ысык-Көл облусунун аймагында О! түйүнүн масштабдуу жакшыртуу тууралуу кененирээк маалыматты шилтемеден ала аласыздар.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aksuu_aduk
2018-07-11 11:37:24
Сөз жок О! Баракелде Аксуу айылы 4G койгонуңарга эл ыраазы
+1
Okgmobile
2018-07-11 12:06:11
aksuu_aduk, саламатсызбы! Чон рахмат жылуу создорунуз учун жана биз менен болгонунузга.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
0
Makkambaev97
2018-07-11 11:49:26
Баткенде 4G иштебей жатат сиями редми ноут 4 ушуну карап койсонуздар
+5
Okgmobile
2018-07-11 12:07:10
Makkambaev97, саламатсызбы!

Сизден текшерүү үчүн номериңизди жана так даректи answer@nurtelecom.kg билдирүүнү өтүнөбүз. Деталдуу диагностика жүргүзүп, Сизге кайра байланышууга чыгууга даярбыз.

Терең урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
+3
Makkambaev97
2018-07-11 20:04:25
Okgmobile, Жоноттум жообу келбей жатат
+1
bakytkg007
2018-07-11 12:06:26
Вайфай тарат деген кызматынарды качан жок кыласынар айткылачы
+5
surgeon777
2018-07-11 17:52:14
О мобилдик оператору иртернет боюнча азыркы тапта эн слабый оператор болуп саналасынар,кундуз бекер суйлошуу менен камсыз кылган учун рынокто байланып турасынар,бирок связь начар,алыскы аймактарда,тоолуу район-до тартпайт,дагы бир маселе номерлерди оз алдынча алмаштырууга мумкунчулук бергенинер,ошонун айынан -хаос!Инимдин номерин бироо нагло вотсабына пайдаланып журот,бул деген клиентти сыйлабастык.
Бир жумадан бери болуп жаткан маселелерди чечкилечи байболгурлар,тунку 12де очуруп койбой и
+7
Miroslav
2018-07-11 19:13:41
Карасуу Гайратта мегакомдун интернети жакшы иштейт болчу,себеби кашкар кыштака жакын жайгашкан.мегаком компанясынын абонентери коп.О силер Агартуу айылына антен орнотсонор жакшы болмок бирда компаня антен койбогон интерда абдан начар иштейт.Ошканын абанентери кобоймок караштырып койосунар деп ойлойбуз.
+2
talant87
2018-07-19 15:37:51
Алабукадагы Сафетбуландан коро Аккоргонго койсо жакшы болмок Эл эки эсеге кообурок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан