12-июль - Бүткүл дүйнөлүк фотографтардын күнү. Бүгүнкү күндө фотоаппараты же смартфону бар адамды эле фотограф деп айтып келишет. Бул андай эмес. Аталган кесип ар кимге бериле бербеген күнүмдүк эмгек, уникалдуу таланттан көз каранды. Чындыгында сапаттуу жана жандуу сүрөттү тартуу үчүн аны көрө билүү керек. Ошондо гана ал сүрөт бир көргөн адамды таасирлентип, көз карашын өзгөртүүгө мажбур кылат.
1839-жылы франциялык Луи-Жак Манде Дагер аттуу сүрөтчү жана ойлоп табуучу фотосүрөттү кантип алуунун жолун издеп, бир нече эксперименттерди жүргүзүп көрөт. Ал жалпак жукартылган жез металлды күмүш менен каптап, аны йоддун буусу менен буулантып иштеп чыгат. Жыйынтыгында жарыкты сезгич күмүштүн иодиди алынат.
Андан соң Луи Дагер алынган элементти жарым саатка нур менен жарыктандырган соң, караңгы бөлмөгө алып кирип, бир нече убакытка чейин ысытылган сымаптын буусуна кармап турган. Металлдын бетинде пайда болгон сөлөкөттүн көпкө кармалып туруусу үчүн кайнатылган тузду колдонгон. Ошону менен Даггер сапаттуу сүрөт алууну ойлоп тапкандардын сап башында жазылып калган.
Ал бул эмгегин "дагеротипия" деп атап, бирок сүрөттү көбөйтүүгө мүмкүн эмес экендигин белгилеген. Маанилүү жана тарыхый көз ирмемдерди кылымдарга сактап калуунун жолу фотография экенин түшүнгөн илимпоздор бул кубулуштун үстүнөн тынбай тер төгүп эмгектенишкен.
Луи Дагер иштеп чыккан эмгектин негизги объектиси болгон фотоаппараттар ойлоп табылган соң, XIX кылымдын соңунда коомго фотографиялык журналистика түшүнүгү кирген. Мына ушундан тартып гана фотограф кесиби негизделген делет тарыхта.
12-июлдун фотографтардын күнү катары белгиленип калышын "Kodak" компаниясынын негиздөөчүсү Жорж Истмандын туулган күнү менен да байланыштырышат. Себеби ал фотосүрөт тартууну жаңы деңгээлге көтөрүп, андай сүрөт дүйнө коомчулугунун эсинде жалпыга жеткиликтүүлүгү менен калган.
Ошол учурда алгачкылардан болуп, 1912-жылы Данияда профессионалдык деңгээлдеги уюм - ЖМКлар фотографтарынын бирикмеси түзүлгөн. Ага 6 фотокабарчы кирген.
Көпчүлүк учурда фотографтар ар кайсы басылмаларда иштеп, ар түрдүү көз ирмемдерди кармап калууга жардам беришкен.
Мунун негизинде журналистика жаатында эмгектенгендер социалдык теңсиздик, коомдогу түрдүү көйгөйлөр, кедейчилик, балдарды мыйзамсыз оор жумушка тартуу, алардын эмгегин пайдалануу, зордук-зомбулук сыяктуу маселелерди козгоп, аларды фотографтардын сүрөттөрү аркылуу окурмандын көз алдына тартып келишкен. Алардын кесибин сүйгөн фотограф экендигин согуш талаасынын так ортосуна да баруудан кайра тартпаганынан көрүүгө болот.
Бүгүнкү күндө да фотографтар коомдун ар кыл чөйрөсүндө болуп жаткан актуалдуу маселелерди, көйгөйлөрдү, кызыктуу фактыларды реалдуу жана көркөмдөлгөн түрдө чагылдырып келишет.
12-июлга карата
жылнаама.